Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

КӨЙГӨЙЛӨР ЖААТТАШКАНДАР БИРИКСЕ ЭЛЕ ЧЕЧИЛЕБИ?

  • Ырысбай Абдыраимов

Кыргызстанда чегара, тышкы, ички миграция, жаратылыш кен байлыктарын иштетүү, чегара аймактарындагы калк турмушунун абалы оор бойдон кала берүүдө. “Социал-демократиялык” партиянын орунбасары Жусупжан Жээнбеков Жалалабаттагы калк менен жолугушууда мына ушундай көйгөйлүү маселелерди козгоп чыкты. Бирок жогоруда аталган проблемаларды бир партиянын алкагында эмес, оппозиция, бийлик жана өкмөт биригип, чогуу аракеттенгенде гана чечсе болот деген ой-пикирдеги адамдар да болду.

Түштүк аймагында чек ара көйгөйлөрү орчундуу бойдон кала берүүдө. Ал аймактарда социалдык-экономикалык абалдын начардыгынан тышкы жана ички миграция токтобой, жергиликтүү калк чек арадагы туулуп-өскөн айылын таштап, мээнетинин үзүрүн кайтараар, жумуштуу жана маянасы арбын жактарды көздөй жеркезүүдө. Жалалабат облусунда жаратылыш кен байлыктарынын үзүрүн чет элдиктер көрүп жатканына ичи ачышкан “Социал демократиялык” партиянын төрага орунбасары Жусупжан Жээнбековдун сөзү менен айтканда “Ата мекен” аймагын жоокер же курал-жарак менен бутун сактап калуу мүмкүн эмес. Эмгек акыны жогорулатып, электр жарык акысын арзандатып, социалдык-маданий шарттарды түзуу менен гана чек ара кыштактарындагы абалды оңдоого болот деген сунушун айтты Жээнбеков:

- Көмүр кендерин айтпай эле коеюн, ар ким ар жерди ээлеп алып, суурчасын тешип кирип кетип канча балдарыбыз майып болуп атат. Жер байлыктарыбызды сатылбай турган кылып, арендага бере тургандай кылыш керек. Газга төлөгөн акчаны элибизге берип, газды, электр энергияны арзандатса болот эл үчүн. Чегаранын ортосунда зым тартып тургандар бар. Лейлек, Баткенде нашествие болуп атат. Бул жерге жаштар бара турган болсо, сертификат кылып коюп туруп, 10 миңден айына айлык аласың деш керек. Биз чегараны солдатты коюп, зым тартып тосуп ала албайбыз. Чегарадагы элди сактап калыш керек. Электр энергияны бекер кылып берсе болот, пенсиясын дагы көтөрсө болот.

Көпчүлүктүн көйгөйлүү проблемасын чечүү үчүн бийлик адал иштеп, трайбалисттик адаттардан арылуусу абзел. Партиялык тизме менен өтүүчү парламенттик шайлоо балким мурдагыдай ата менен баланы эки бөлүп, терс караткан, аял менен эрди уруштуруп, жердешчиликти күчөткөн жаман үйүттөргө чек коер. Сузак районунан Маматкарим Тургановдун пикири боюнча чекарадагы гана эмес, тоолуу жана казынадан каржыланган район-шаарлардын абалы да жакшыралек:

- Ынтымакта иштешсе бул маселени чечсе болот деп эсептейм. Себеби электр энергия, алтын элдин байлыгы. Бир гана чегарадагы адамдар эмес, шаардагы адамдар деле сыртка кетип атпайбы.

Бирок, өлкөдөгү жаратылыш кен байлыктарынын кандай иштетелип, кимдер маарып, кимдер кур алакан калып жаткандыгы тууралу так маалыматтардан караламан калк кабарсыз. Облус аймагындагы Ташкөмүр, Майлуусуу, Көкжаңгак шаарларындагы кендердин абалы да маңдай жылытаарлык эмес. Укук коргоо уюмдарынын “Чындык туусу” гезитинин редактору Гүлмира Жапар кызы тышкы ички миграция, жумушсуздук, кен байлыктарын туура иштетүү өңдүү маселенин чечилишин мамлекеттик туура саясаттан көрөт:

- Канчалык деңгээлде бюджетке пайда келип, элдин социалык деңгээлин көтөрүүгө жардам берип атат, ушунусу дайынсыз болуп атат. Ташкөмүр шаарынын кени токтоп калды. Көкжаңгак шаарын дагы менчикке айландырышып өз алдынча казып атышат. Майлуусуда да кен бар. Ушундай шаарлар өкмөттүк деңгээлге колго алынса ошондо бир гана минграция маселелерин гана эмес, бүткүл элдин орчундуу проблемалары чечилет эле.

Электр энергиясы өлкөнүн өзүнөн чыкканы менен баасынын кымбаттыгына аталган тармакта реформа жүрбөй атканы себепкер. “Акжол” партиясынын жаштар канатынын облустагы төрагасы Майрамбек Адылбеков жогоруда аталган көйгөйлөрдү бир партиянын күчү менен эмес, оппозиция, бийлик, өкмөт үчөө биригип, чогуу иштегенде гана чечүү мүмкүн экендигин ырастады:

- Жалгыз-жалгыздан эч качан маселени чече албайт. Оппозиция, өкмөт жана бүгүнкү күндөгү бийлик бирдиктүү болгондо гана реформа жүргүзүлүп, структура аныкталып иштегенде электр энергияны арзандатса болот.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG