Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

ГРУЗИЯДА ШАЙЛОО КАМПАНИЯСЫ, ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ОППОЗИЦИЯНЫН ОПУЗАСЫ


7-ноябрь күнү оппозициячыл демонстранттарды уруп-сабап тараткан грузин бийликтери эми мөөнөтсүз президенттик шайлоого камданып жаткан кез. Жекшембиде Михаил Саакашвили, өлкө мыйзамдарына ылайык, шайлоого катышыш үчүн кызматынан чегинди. Ушул эле күнү Тбилисиде он миңдеген кишилер нааразылык акциясына чыгып, эң башкы оппозициячыл телеканалды калыбына келтирүүнү талап кылышты.

Грузиянын президенти болууга татыктуумун деп эсептеген талапкерлер дүйшөмбүдө кечке чейин Борбордук шайлоо комиссиясына ал ниетин билдирип, тийиштүү кагаздарын өткөрүшү керек. Бул күнү катталгандар 6-декабрга дейре 50 миң кишинин колун топтоп өткөргөн соң, ырасмий түрдө талапкердик күбөлүккө ээ болот. Азырынча мамлекеттеги башкы кызмат үчүн ат салышаарын он чакты адам жарыялады, алардын арасында Эмгек партиясы көрсөткөн Шалва Нателашвили, жаңы оңчулдар лидери Давит Гамкрелидзе, оппозициячыл финансист жана магнат Бадри Патаркацишвили жана бир нече көз карандысыз талапкер бар.

Жекшембиде Михаил Саакашвили президенттик бийлик укуктарын парламент спикери Нино Буржанадзеге өткөрүп берип, шайлоого даярдык көрө баштаганын жарыялады:

- Биз эртең шайлоо кампаниябызды баштап жатканыбызды баарыңар билесиңер. Ага байланыштуу менин бийлик укуктарым 40 күнгө дейре парламент спикерине жүктөлөт. Мен президенттик шайлоого даярданам.

Бириккен оппозиция сунуш кылган талапкер – Леван Гачечиладзенин он миңдеген жактоочулары жекшембиде Тбилисиде нааразылык акциясын өткөрүп, “Имеди” телеканалынын кайрадан эфирге чыгышына уруксат берилишин талап кылышты.

- Биз парламент спикери, ушу тапта президенттин милдетин аткарып жаткан Нино Буржанадзе чукул чаралар көрүп, “Имеди” телеканалын кайра обого чыгарып, анда иштеген журналисттерге көрсөтүлүп жаткан эбегейсиз кысымды токтотуп, түрмөдөгү кишилерди эркиндикке чыгарышы керек деп эсептейбиз. Антпесе биз кайра мурдагы аракеттерди көрүп, Буржанадзени да кызматынан кетиребиз,- деп эскертти ал митингде оппозициячыл талапкер Гачечиладзе.

“Имеди” телеканалы 7-ноябрь күнү оппозициячыл демонстрация зордукчул ыкмалар менен кууп таратылган күнү жабылып калган. Полиция телестудияга кирип барып, далай жабдыктарын иштен чыгарып талкалап, дагы бир топ техникасын камакка алган. Андан бери “Имедиде” иштеген эки белгилүү журналист жумушун таштап кетип жатканын жарыялашты. Алардын бири, Инга Григолия өткөн жекшембиде Михаил Саакашвили менен узак маек курганын “Рустави 2” телеканалы көргөздү. Анда Саакашвили “Имеди” жалган маалымат таратуу машинеси болуп калган, андыктан жабылып калганы туура болду деп белгиледи. Ал көз карандысыз телеканал мындан ары оппозициячыл финансист Бадри Патаркацишвилинин колундагы курал болбой турганын далилдемейинче, эфирге чыгууга уруксат берилбейт деп таккесе айтты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG