БУУнун башкы ассамблеясынын 62-сессиясынын 57- пленардык отуруму президент Курманбек Бакиевдин сунушунун негизинде ушундай чечим кабыл алды. Мындай демилгени кыргыз тарап социалдык теңсиздикти четке кагуу, социалдык-экономикалык байгерчиликке жетүү жана демократиялык укуктар менен эркиндиктерди камсыздоо максаты менен байланыштырган. Мындай маалыматты бүгүн Тышкы иштер министрлиги таратты. (BuS)