Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

АСАН ОРМУШЕВ: ЖЫЙЫНГА ИРАНДЫН ЧАКЫРЫЛБАГАНЫ КҮДҮКТӨНТӨТ


Махмуд Кашгари-Барскани Чыгыш университетинин ректору Асан Ормушев «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип, АКШнын Аннаполис шаарында өтүп жаткан Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу маселелери тууралуу айтып берди.

- Асан мырза Аннаполис шаарында өтө турган чоң тынчтык конференциясында АКШнын президенти Жорж Буш өзү кожоюн болушу күтүлүп жатат. Ошол жерде Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын жандантуу аракетинде жыйын өтөт экен. Мына ушуга карата сиз жакынкы чыгыш мамлекеттерин жакындан билген адам катары көз карашыңызды билдирип кетсеңиз. Чынында эле бул тынчтык конференциясы канчалык жакынкы чыгыш өлкөлөрүнө пайдасы тиет?

- Бул АКШда өтө турган Жакынкы Чыгыштын маселеси боюнча келечектеги тынчтыкты АКШнын президенти Жорж Буш өзү демилгечи болуп, Палестина менен Израилдин ортосундагы бекем тынчтыкты калыптаганга дагы бир аракет жасап жатышы бүткүл дүйнөдөгү тынчтык сүйүүчүлөрдү чындыгында кубандырат. Бул иш канчалык өзүнүн чындык деңгээлге жетээри шейшембиде өтүп жаткан “Жакынкы чыгыштын тынчтык” конференциясында балким күбө болорбуз. Кырктан ашык мамлекеттердин, анын ичинде Сауд Аравия жана башка бир топ араб ислам мамлекеттеринин катышы мени араб өлкөлөрү менен иштеген окумуштуу катары абдан кызыктырат. Бирок, Жакынкы Чыгыштагы тынчтык маселесине Иран ислам республикасынын катышпай калышы, чакырылбай калышы ошол жакынкы чыгыштагы тынчтык конференциясы чындап эле тынчтыкты каалап жатабы же жөн эле дагы бир саясий шоу катары болобу?- деген суроо бизди тынчсыздандырбай койбойт. Себеби, жакында эле Кыргызстандын бир топ окумуштуулары анын ичинде академиктер, профессорлор, доценттер жана ректорлор баштаган топ Иран ислам республикасынын президенти менен жолугушуп келдик. Ал жолугушууда Иран ислам республикасынын президентинин айткан сөздөрү бизге абдан жакты. Ислам мамлекетиндеги илим, техника жана маданият жагынан чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгы, ааламдагы тынчтык үчүн, ирандагы карапайым калктын жөнөкөй турмушун көтөрүү үчүн иштеп жатабыз деген сөздөрү бизди кубандырды. Төрт күндүк кыдыруубузда өз көзүбүз менен көрүп, жүрөгүбүз менен баамдап жаттык.

- Асан мырза, АКШнын Мэрилэнд штатындагы Аннаполис шаарында өтүүчү тынчтык конференциясына Кыргызстандык окумуштуу катары кандай пикир кошо аласыз?

- Жакынкы чыгыштагы тынчтыкты бекемдейм деген ойдун болушу абдан жакшы. Баардык дүйнөдөгү тынчтык сүйүүчүлөрдүн чоң колдоосуна ээ болот. Эгерде ошол айтылып жаткан демилгелердин баары ооз жүзүндө эмес же болбосо саясий оюн эмес чыныгы турмушта тынчтык каалай турган максатта жүргүзүлүп, анын ыкмаларын, формаларын, методдорун, механизмдерин ойдогудай кылып алса. Эки жактын Израилдин да, Палестинанын да бүгүнкү күндө коюп жаткан талаптарын ойдогудай аткара алган ортодогу тынчтыктын ортомчусу же болбосо тынчтыктын алтын көпүрөсү болуп бере турган болсо, анда АКШнын тынчтык жөнүндөгү саясатына жана анын президенти жүргүзүп жаткан тынчтык саясаты бүт дүйнө жүзүнө даңк салат. Анда биз дүйнө жүзүндө тынчтыкты орнотооруна бекем ишенет элек. Бирок, тилекке каршы Ирактагы окуядан кийин жана Иран ислам республикасына болуп жаткан ар кандай талаптардын коюлушу көптөгөн окумуштууларды жана тынчтыкты сүйүүчүлөрдү кандайдыр бир жүрөк түйпөлткөн окуяларга алып келген сыяктуу болуп турат. Андыктан биз АКШда боло турган жакынкы чыгыштын тынчтыктын тиреги болуп ошону бекемдейм деген ойлоруна ак жол каалайбыз.

- Асан мырза, буга чейин Палестина, Израиль ортосундагы мамилелерди жакшыртуу боюнча бир катар дүйнө лидерлери үн кошуп келди эле. Израиль менен Палестинанын ортосундагы тынчтык ымалашуусуна, бири-биринин мамилесинин жакшырышына эмнелер тоскоолдук болуп жатат деп ойлойсуз?

- Бул жерде көптөн берки ырбап келе жаткан экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки көптөгөн көп чыр маселелердин баары чырмалып калып, ошол күндөн ушул күнгө чейин тирешип келе жаткан кээ бир фонатизмдин же болбосо улутчулдуктун же өзүнүн гана өлкөсүнүн кызыкчылыгын көздөгөн айрым бир жетекчилердин диалог менен же болбосо пикир алышуу менен же болбосо ар ким эки жак тең өзүнүн койгон талаптарын так аткаруу жагы менен турмушка ашырыла турган чараларды мен көрүп эле жүрөм. Көптөгөн тынчтыкты сүйгөн лидерлердин баары буга аракет кылып жүрүшөт. Бирок, азыркы ХХI кылымда кээ бир уюмдарда жана диндерде фонатизмдин өтө өнүгүп кеткендин натыйжасы деп ой жүгүртө алам. Ошол жердеги эки диндин ортосундагы болуп жаткан пикир келишпестиктерди кээ бир саясатчылар саясий оюнга айландырып, улам согуштун жалынын дүрбүтүп коюп, тынчтыктын бекемделишине көптөгөн өзүлөрүнүн тоскоолдуктарын салып жатат го деген ойдомун.

- Маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG