Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:41

27-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны болуп, анда шайлоого катышууга укук алган 12 саясий партиянын Улуттук телерадиокомпаниядан бекер үгүт иштерин жүргүзүүсүнүн мезгили, тартиби аныкталды. Ал үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү чүчү кулак кармашты. Бирок УТРК менен БШКнын ортосунда үгүт үчүн бөлүнгөн эфир күндөрү боюнча пикир келишпестик чыгууда.

БШК жыйынында белгиленгендей, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн Улуттук телерадикомпания саясий партияларга саат 20:00дөн 24:00 чейин күн сайын бир саат бекер убакыт бөлүп бериш керек. Анын 30 минутасы телекөрсөтүүдөн болсо, калган 30 минутасы радио аркылуу угузулмакчы. Шейшемби күнкү жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясы мына ошол бөлүнгөн убакытта саясий партиялар кандай тартипте эфирге чыгаарын аныктады.

Алгач 12 партиянын дебатка чыгуу тартиби боюнча чүчү кулак кармалды. Анын жыйынтыгына ылайык, 12 партия үч-үчтөн болуп, төрт топко бөлүндү. Кайсы партиянын кайсы топко киргени жана кайсы партия менен дебатка чыгаарын БШКнын мүчөсү Болот Малабаев жарыялады:

- Дебаттар, биринчи топто Кыргызстан коммунисттер партиясы, «Ак жол» жана «ЭрК» партиясы боло турган болду. Экинчи топко «Ата мекен», «Ар намыс», «Туран» партиялары кирди, үчүнчү топко, Социал-демократиялык партия, «Эркиндик», «Эл добушу», төртүнчү топко, «Аалам», «Асаба» жана «Жаңы күч» партиясы кирди.

Бул топтор жогоруда белгиленгендей чүчү кулак кармоодо аныкталды. Эми бир топтогу үч саясий партия өз ара дебатка чыгышат.

Айрым саясий партиялардын өкүлдөрүнүн пикиринде чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында дебаттар үчүн дурус шарт түзүлгөн жок. Анткени пикирлеш партиялар бир топко чогулуп калып, негизги оппоненттер эфирде беттешпей турган болууда. Маселен, биринчи топтогу «Ата мекен», «Ар намыс» жана «Туран» партиялары негизинен пикирлеш партиялар. Ошондой эле «Ак жол», Кыргызстан коммунисттер партиясы жана «ЭрК» партияларын өз ара оппоненттер деп айтыш кыйын.

Дебатка чыгуучу партиялардын тобу аныкталгандан кийин партиялардын Улуттук телерадиокомпания аркылуу жекече үгүт иштери жүргүзүүсүнө берилген убакыт үчүн чүчү кулак кармалды. Анын натыйжасына ылайык, биринчи топко кирген Коммунисттер партиясы, «Ата мекен» жана «Эркиндик» партиялары биринчи күнү жекече чыгып үгүттөй алышат. Экинчи күнү «Туран», «Эл добушу» жана «ЭрК» партилары. Алардан кийин «Асаба», «Ар намыс», «Ак жол» партиялары, төртүнчү күнү Социал-демократиялык партия, «Аалам» жана «Жаңы күч» партиялары үгүт иштери жүргүзүшөт.

Ошентип, БШК партиялардын дебатка чыгуусу жана жекече үгүт ишин жүргүзүүсүнүн тартибин аныктады. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы менен Улуттук телерадикомпаниянын ортосунда эфир убактысы боюнча карама-каршылык чыгууда. БШК саясий партияларга бүгүнтөн баштап, 15-декабрга чейин күн сайын 1 сааттан убакыт бөлүш керек десе, УТРК төрт гана күн берилиш керектигин айтууда. БШК мүчөсү Жеңиш Акматов бул маселени эки тарап «Шайлоо» кодексине ылайык чечилиш керектигин билдирүүдө:

- Эгерде силер (УТРК) төрт эле күн беребиз десеңер, аны кайсы мыйзамдын негизинде кылып жатасыңар деп УТРКнын жетекчилигине кат жаздык. Жана УТРКнын юристи төрт күн эле беребиз кетип калган да. Биз Кодекстин 32 беренесинин 2 бөлүгү боюнча күнүгө бир сааттан кем эмес убакыт берилиш керек деп айтып жатабыз.

Акматовдун айтымында, эки тарап муну Кодекске ылайык тез арада чечиш керек. Анткени үгүт кампаниясы 26-ноябрдан башталды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG