Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Париждин четинде башаламандыктын жаңы толкунун алдын-алып полиция кошумча күчтөрдү киргизди


Жекшемби күнүнөн бери полиция менен башаламадык уюштурган жаштар ортосундагы кагылышуудан бир нече машинелер өрттөлүп, 80ден ашуун полиция кызматкери жараат алды. Кабарларга ылайык, ушул тапта Франциянын түштүгүндөгү Тулуза шаарында нааразылык акциясынын жаңы толкундары башталды. 25-ноябрда полиция машинеси менен мотоциклдин сүзүшүүсүнөн эки өспүрүм каза тапкан. Полиция кызматкерлери өспүрүмдөргө жардам бербей окуя болгон жерден качып кеткени маалым болгондон кийин башаламандыктар башталган.

XS
SM
MD
LG