Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ “АК ЖОЛДУ” АЛГА ТҮРТҮП АТЫШАБЫ?


Жалалабад облусунда “Акжол” партиясына кирүүгө казыналык мекеме-уюмдардын кызматкерлерин мажбурлашууда. Административдик ресурстар иштетилип, аталган партиянын санын көбөйтүүгө жарандарды тымызын каттоо болууда. Жер-жерлердеги айыл өкмөттөр жарандарды аталган партияга кошулууга жана шайлоодо “Акжол” үчүн добуш берүүгө үгүттөшүүдө. “Социал-демократиялык” жана ”Асаба” партиясынын облустагы өкүлдөрү жана карапайым жарандардын мындай пикирлери менен “Акжолдун” облустагы жетекчилиги жана облустук бийлик макул эмес.

Облустун Сузак районундагы “Багыш” айыл өкмөтүнө иш менен баргандар жана казыналык мекемелердин кызматкерлери “Акжол” партиясынын катарына мажбурлоо жолу менен өткөрүлүүдө. Бийлик партиясы үчүн болгон административдик иш-аракеттерди Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Анархан Жаңыбаева айыл-кыштактарды кыдырган учурунда жергиликтүү калк айтып берген:

- Cузак районунун Багыш айыл өкмөтүндө “Акжол” партиясынын штабы айыл өкмөттүн өзүндө жайгашкан. Айыл өкмөттө иштегендер өздөрү айыл өкмөткө иштер менен баргандарды “Акжол” партиясына өткүлө деп мажбурлап атыптыр. Эл айтса калп айтпайт деген туура экен, биз эл аралаганда мектепте иштеген мугалимдер айтып атат, бизди мажбурлоо жолу менен бул партияга өткөрүп, сүрөткө түшүртүп алды деп.

Базаркоргон районундагы айыл өкмөттөрдө да “Акжол” партиясынын мүчөлөрүн көбөйтүү иши уланууда. Район борборунда өткөн ата-энелер чогулушунда айыл өкмөт башчысы менен мектеп директору парламенттик шайлоонун мурдагы шайлоодон артыкчылыктарын элге түшүндүрмөк болушуп, бийликтин партиясына кошулууга жана аны колдоого алуу жагына үндөшкөн. Базаркоргондогу адам укугун коргоочу “Аба” аттуу уюмдун мындай маалыматын айыл өкмөтү төгүндөгөнү менен “Мекен” (Родина) партиясынын өкүлү окуя туралуy акт түзгөн. Райондун Кеңеш айылында айыл өкмөтү шайлоочуларды “Акжол” үчүн сыртынан каттоого алган. Бул тууралу айыл тургуну Нурбек Маматкулов билдирди:

- Бийликтегилер элдерди “Акжол” партиясына тартып атышат.

Президент түзгөн партия үчүн административдик ресурс иштетилип жаткандыгы жашыруун эмес. Мамлекеттин казынасынан маяна алып иштеген мекеме-уюмдардын кызматкерлери менен окуу жайлардын студенттеринин кайда катталганын иликтөө жүргүзүлүп, “Акжолду колдогула” деген тымызын кыйытуу болуп жаткандыгын “Асаба” партиясынын облустагы төрагасы Бекмолдо Чотонов нечен ирет баамдаган:

- “Акжол” партиясында мыйзам бузуулар болуп атат. Үйлөргө келип учетуңар кайда, “Акжолго” кошуласыңар деген сөздөр студенттердин арасында болуп атат.

Парламенттик шайлоодо административдик иш-чаралар колдонулбайт. Бийлик шайлоого кийлигишкенде кандай натыйжага жетишеерин 2005-жылкы март ыңкылабы далилдеген. “Акжол” партиясынын пайдасына болгон жан тартуу аракеттери жөнүндө облустук бийликке маалыматтар түшкөн эмес. Район-шаарлардагы андай окуялар тууралу облустук бийликтин маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиевдин да кабары жок:

- Ушул шайлоолордо эч кандай административдик ресурсттар колдонулбайт деп айтканбыз. Анткени өткөн 2005-жылкы шайлоолорду көрдүк, бийлик шайлоолорго аралашып, бир топ бут тосуулар болгондуктан революция чыккан. Мына ошону азыр жергиликтүү бийликтер жакшы билет. Ушул шайлоолорго кийлигишкен бийлик жетекчилерин көргөнүм жок. Азырынча бизде андай маалымат түшө элек.

Айыл өкмөттөрдүн партиянын санын көбөйтүү жан далбасасына “Акжол” партиясынын облустагы уюму кызыкдар эмес. Бул багытта партиянын координатору район акими менен да айтыша кеткен. Координатор Абдымалик Бектемировдун айтымында “Акжол” партиясы иш аракетин адилеттүү жана маданияттуулук менен жүргүзөт:

- Айрым биздин акимдер менен айтышкан мезгилдер болуп атат. Мамлекеттик курамдагы мекемелерди тикеден-тике үндөп, бизге жардам бербей эле коюңуз, андай нерселер биздин бетибизге көө жабат деп. Айрым оппоненттер ушундай сөз тарткаткан болсо бул закон ченемдүү нерсе. Саясий деңгээлде карама-каршы иш болмоюнча партиялар ийгилигине жетишпейт.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG