Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:56

ӨЗБЕКСТАНДЫК АКТИВИСТ БРИТАНИЯДАН ДЕПОРТАЦИЯЛАНУУ КОРКУНУЧУНА КАБЫЛДЫ


Британия шаршемби, 28-ноябрда өзбекстандык саясий активисттердин бирин мекенине депортациялашы мүмкүн. Буга байланыштуу укук коргоочулар тынчыздануу билдиришүүдө. Ириде алар мекенине кайтарылуучу активист кыйноого алынарына, анын өмүрүнө коркунуч бар экенине кооптонушууда.

Британиядан мекенине депортациялануу коркунучуна кабылган өзбекстандык саясий активисттин аты-жөнү - Жахонгир Сыдыков. Ал Өзбекстанда тыюу салынган оппозициядагы "Эрк" партиясынын мүчөсү болгон. Британияга билим алуу максатында 1999-жылы эле келген экен. Андан бери мекенине каттап жүргөн. Бирок, Францияда жашаган өзбек укук коргоочусу Надежда Атаеванын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, Жахонгир Сыдыковдун үстүнөн кара туман ал былтыр Лондондо Андижан окуяларынын бир жылдыгына арналган нааразылык акциясына активдүү катышкан соң айлана баштады:

- Жахонгир Сыдыков 2006-жылы Андижан окуяларынын бир жылдыгына арналган пикетке катышканда Британиядагы өзбек элчилигинин камерасына түшүп калган. Кийинчерээк тиешелүү адамдар анын туугандарына жана коңшуларына бир топ суроолорду берүү максатында келишкен. Ушул учурдан тарта ал өлкөгө кайтуудан кооптоно баштады.

Укук коргоочу Надежда Атаева кошумчалагандай, Жахонгир Сыдыков британ бийликтерине башпаанек сурап, ушул жылы кайрылган, бирок анын өтүнүчүнөн оң жыйынтык чыккан эмес. Жахонгир Сыдыковдун өзү Лондондо депортациялык борбордо отурган жеринен телефон аркылуу "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун өзбек кызматына шейшемби күнү берген интервьюсунда ал мекенине кайтарылса өмүрүнө коркунуч тууларын белгиледи:

- Соңку маалыматка караганда, мени алар Өзбекстанга шаршемби күнү жөнөткөн жатышат. Өзбекстанга келээр замат камаларымды билем. Кыйноого алынамбы деп коркуп жатам. Мен өз өмүрүмө чындап кооптонуудамын.

Жахонгир Сыдыковдун мекенине кайтарылышы мүмкүн экенине тынчыздануу билдирип жатышкан укук коргоочулар да ириде мына ушул факторго басып жасашууда. Өзбекстандын абак жайларында кыйноо али да кеңири жайылганын БУУнун кыйноолорго каршы комитети өткөн аптада эле эскерткен эле. Хизбут-Тахрирдин мүчөсү деп шектелген эки жаран ушул айда абакта кыйноонун натыйжасында каза тапканы кабарланган.

Ал эми кезинде Андижан окуясын айыптаган, Еврошаркет өзбек бийлигине каршы санкция киргизүүсүн колдогон Британиядан саясий активисттин депортациялануу коркунучуна кабылуусу, өзбек укук коргоочусу Надежда Атаеванын пикиринде, өлкөнүн тышкы саясаты менен миграциялык саясаты дал келбей жатканын белгиси:

- Бирок, Британиянын тышкы саясаты менен миграциялык саясаты карама –каршы болууда. Менимче, биз азыр дагы бир жолу Батыш коомчулугунун көңүлүн, Еврошаркет менен өзбек өкмөт ортосунда диалог жүрүп жатканына карабай, иш жүзүндө режим өзгөрбөгөнүнө бурушубуз өтө маанилүү. Муну БУУнун кыйноого каршы комитетинин эксперттеринин тыянагы да ырастап турат.

Укук коргоочу Надежда Атаеванын айтымында, Британиядан депортациялануу коркунучуна кабылган Жахонгир Сыдыковдун маселеси боюнча кайрылуулар бул өлкөнүн ички иштер министрлигине, Батыш өлкөлөрүнүн Ташкенттеги элчиликтерине берилди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG