Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:01

ЖОЛ БОШОТКУЛА! «БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯ» КЕЛАТАТ!


2-декабрь күнү Орусиялык 100 миллиондой шайлоочу Мамлекеттик Думанын 450 депутатын тандайт. Алгачкы ирет парламенттин төмөнкү палатасы жалаң партиялык тизме боюнча шайланмакчы. Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 11 партиянын тизмесин каттоого алганы менен, жергиликтүү жана чет элдик эксперттер жарышта президент Путин башында турган “Бирдиктүү Орусия” кыймылы баарын артта калтыраарынан күмөн санабайт. Анткени өлкөдөгү байлык менен бийликтин дээрлик баары ушул партиянын колуна топтолгон.

Шайлоодо президент Путин тизмесин баштап бараткан “Бирдиктүү Орусия” партиясы көпчүлүк добуштарды алаарын Москвалык маалымат каражаттары менен анча-мынча тааныштыгы бар бир да киши танбаса керек. Анткени, Орусиялык алдыңкы телеканалдар менен көп нускалуу гезиттердин баары ушу тапта Путинди даңктап-даңазалоо, анын партиялаштарын эл камынан башканы ойлобогон алабарман патриот кылып көрсөтүү менен алек. Андан сырткары бул партиянын тизмесинде Татарстандын президенти Минтимер Шаймиев аксакал баш болгон Орусиядагы 83 губерниянын 62синин башчысы, былтыр жылдык кирешеси 57 млн. доллардан ашкан Самаранын губернатору Владимир Артяков, андан ары жылына 30-40 млн. доллардан кем эмес пайда тапкан күркүлдөр арбын. Алардын арасында 2006-жылы тапкан таза кирешеси 80 миң АКШ долларын гана түзгөн президент Путин каратаман калк арасынан чыга калгандай сезилет. Шайлоого “Путиндин планы – элдин планы” деген ураан алдында бараткан “Бирдиктүү Орусиянын” катарында ошентип, өлкөдөгү мен кыйын дегендердин эң кыйындары чогулган. Ага орус президенти өзү кошулганда, жарышка камданып турган партиялар арасындагы баланс бузула түшкөнүн Либерал-демократтардын лидери Владимир Жириновский төмөнкүдөй сыпаттады.

- Эми алар кантип 45 % добуш алганын оңой эле түшүндүрө алышат. Путин кошулбаса, ашып кетсе 25 пайыз алышат эле. Эми добуштардын жарымы ошолордуку. Калган жарымын оппозициячыл либерал-демократтар менен коммунисттер топтошот.

Жириновскийдин айткандары балким, чындыкка жакын болушу мүмкүн.

Парламентке өтүш үчүн саясий партиялар 7 пайыздан кем эмес добуш алышы керек. Мындай чекти буга чейин салтка айлангандай, Коммунисттик партия жана саясатты шоу, оюн-зоокко айландырганга маш Жириновскийдин либерал-демократтары багындырышы мүмкүн. Булар өзүлөрүн оппозициячыл деп атаганы менен, иш жүзүндө Кремлдин айтканынан чыкпаган кыймылдар.

- Өкүнүчтүүсү, азыр Орусияны улуттук кызыкчылыктарды ойлоп койбогон олигархтар бандасы башкарып атат, - деп эски ырын созгондон тажабаган коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов көптөн бери шайлоодо 2-орунду ээлеп келаткан анын партиялаштары эмне үчүн Кремль сунуш кылган бир да мыйзамга каршы чыкпайт деген суроодон буйтап алдастайт. Айтмакчы, “Бирдиктүү Орусия” – миллионерлер партиясы деп аталса, коммунисттер – пенсионерлер партиясы деп аталууга татыктуу. Алардын шайлоо фонду башка бардык партиялардыкынан аз, 2 миллион долларды гана түзгөнү да балким, ошондон болсо керек.

Америка, Европа, аларга кошуп мыйзамсыз мигранттарды жамандап, орустардын улутчул сезимдерин кызытып, саясий упай топтоп келаткан Владимир Жириновскийдин партиясы да белгиленген чектен өтүп, Мамлекеттик Думага кайтып келиши ыктымал. Анын үстүнө бул партия да буга чейин парламентте Кремль сунуштаган көпчүлүк мыйзамдарды тоскоолдуксуз өткөрүп, жакшы кызмат көрсөтүп келатат. Ага кошумча бай партиялардын бири.

Чыныгы оппозициячыл кыймылдарга келсек, алардын өз ара бөлүнүп-жарылып алганы шайлоодо пайда алып келбээри талашсыз. Башкы энергетик жана чириген байлардын бири Анатолий Чубайс жетектеген Оңчулдар Биримдиги, белгилүү саясатчы Григорий Явлинскийдин “Яблоко” кыймылы жана жакында белгилүү адвокат Михаил Баршевский түзгөн Жарандык күч партиясы шайлоочулардын жетиштүү добушун топтой алаары арсар.

Анткени эң башкысы – ушу тапта Орусияда маалымат каражаттары, шайлоо комиссиялары, жергиликтүү бийликтер – баары биригип Путиндин партиясы үчүн иштеп аткандай, айтор, орустар айткандай, бардык карталар – “Бирдиктүү Орусиянын” колунда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG