Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаевди кызматтан кетирүү боюнча жардыкты президент Курманбек Бакиев бүгүн өкмөт үйүндөгү жыйында окуп берди. Муну ал Алмазбек Атамбаевдин премьерлик кызматтагы мөөнөтү бүткөнү менен байланыштырылды. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаевдин эмгегин жогору баалап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйлады. Алмазбек Атамбаев премьер-министрлик кызматка келгенге чейин азыркы бийлик менен мурунку бийликтин да бирден-бир күчтүү каршылашы, оппозициянын салмактуу өкүлдөрүнүн бири эле. 2005-жылы март айындагы өзгөрүштөрдөн кийин Алмазбек Атамбаев Өнөр жай жана соода министри кызматында иштеп, кийинчерээк президенттин саясатын катуу сындап, кызматын таштап оппозицияга өткөн. Ошентсе да ноябрь айындагы митингилерден соң ошол кезде премьер-министр болуп турган Феликс Кулов кызматынан алынып, ордуна Азим Исабеков келгени менен өтө кыска убакыттын ичинде анын ордуна кайрадан Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп дайындалып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келди.

Социал-демократтардын лидери, мурдагы ири оппозициячыл саясатчылардын бири Алмазбек Атамбаев өкмөт башчылыгына быйылкы жылдын 29-мартында келип, 21-октябрдагы конституциялык реформадан соң (24-октябрда) премьердиктен алынган. Андан соң ал премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан эле.

Ал эми өнөр жай, соода жана туризм министри кызматына Атамбаев 2005-жылы 30-сентябрда дайындалып, 24-апрелде кеткен эле.

Бул эки кызматта тең Атамбаев жети айга жакын убакыт иштеген.
XS
SM
MD
LG