Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

10:55 “Интербилим” “Шайлоо укугу жана көз карандысыз байкоо салуунун негиздери” аттуу тренинг өткөрөт


Бул тууралуу “Интербилим эл аралык борбору” коомдук уюмунун деректиринин орун басары Елена Воронина “Азаттыкка” билдирди. Е. Воронинанын айтымында тренингдер коомдук байкоочулар жана жаш шайлоочуларга багытталган. Үч күн ичинде тренингдин катышуучулары “Кыргызстандагы шайлоо процесси жана анын баскычтары”, “Добуш берүү жана добуштарды саноонун өзгөчөлүктөрү”, “Үгүт иштери”, “Шайлоо укугу” жана “Байкоо жүргүзүү” тууралуу кеңири маалымат алышмакчы. Бул иш чара аталган борбордун демилгеси менен өткөрүлүп, “Жаштар жана Демократия” долбоорунун алкагында Европа коммиссиясы тарабынан каржыланат. Ошондой эле мындай тренингдер Ош жана Нарын облустарында да өткөрүлөөрү күтүлүүдө. (ESu)

XS
SM
MD
LG