Президенттик админстрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуевдин айтымында, өкмөт тууралуу конституциялык мыйзамда ушундай көрсөтүлгөн. Ага ылайык, президент премьер-министрдин милдетин аткарууну бир айлык мөөнөттө биринчи вице-премьер-министрге тапшырууга укуктуу. Өкмөттүн калган мүчөлөрү болсо мурдагыдай эле милдетин аткаруучу болуп иштей берет. Биринчи вице-премьерликке кечээ Искендер Айдаралиев дайындалган.(SM)
11:08 Өкмөт башчынын милдетин аткаруу биринчи вице-премьердин милдетин аткаруучуга жүктөлөт