Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

14:00 Э. Байсалов: Атамбаевдин кызматтан алынышына президентке чындыкты түз айтышы түрткү болду


Бул тууралуу Алмаз Атамбаев премьер министрлик кызматтан алынгандан кийин «Азаттыкка» берген интервьюсунда СДП партиясынын жооптуу катчысы Эдил Байсалов билдирди. Анын айтымында, Алмаз Атамбаев шайлоого даярдык таза өтпөй жаткандыгы тууралуу президент Бакиевге бир нече жолу айткан. «Курманбек Салиевич шайлоого даярдык өтө эле аша чапкандык менен баратат. Бир партияга бийликтин бүт бардыгы иштеп атат. Бул туура эмес. Мунун бардыгы абдан чоң жаңжал менен аякташы мүмкүн деп бир канча жолу айткан. Мунун бардыгы Бакиевге да жаккан жок. Бийликке да жаккан жок» деди Байсалов. Анын айтымында, Атамбаевдин рейтингинин өсүп баратышы аны кызматтан алууга түрткөн себеп болду,«Атамбаев кызматтан алынгандан кийин эми эки-үч күн эс алгандан кийин СДПнын үгүт иштерине катышышы мүмкүн» (BuS)

XS
SM
MD
LG