Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

Т.ҮМӨТАЛИЕВА: КАДРДЫК ЖҮРҮШТӨР ШАЙЛООГО БАЙЛАНЫШТУУ


Президент акыркы күндөрү бир катар кадрдык жүрүштөрдү жасап, айрым чоң чиновниктерди күтүүсүздөн кызматынан алды. Бул жааттагы суроолорго “Азаттыктын” таңкы уктурууларында Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева жооп берди.

- Кечээки президенттин кадрлык өзгөртүүлөрүн айрым байкоочулар алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырып жатышат. Сиз буга кандай баа бересиз?

- Мен алардын оюна толук кошулам. Себеби президенттик шайлоодо региондордо өзүнүн ишин бийлик атайын тоталитардык система менен авторитардык күчтү колдонуп, ушундай механизмдерге барарын көрүп калганбыз. Азыркы мезгилде Ош жергесинде Жантөрө Сатыбалдиевди алмаштырды. Ал киши акыйкат деңгээлде принципиалдуу иш алып барууга аракет кылам деп өзү айткан. Ошонун негизинде бул кишини алмаштырды деп ойлойм. Жалалабат жергесинде эки жайгдай бар. Бул багытта, биринчиден бийлик шайлоодон утуп чыгаарына өзүнө өзү ишенет. Экинчиден, Жалалабат өзгөчө зона. Азыркы кезде Кыргызстандын Бишкектен кийин эң бир чөнтөк толтура турган зона Жалалабат болуп эсептелинет. Себеби азыр Камбарата ГЭСине каражаттар кетет, алтын кендери бар. Ошон үчүн ошол жерге өзүнүн ишеничтүү адамы керек. Айдаралиев Искендер жакшы администратор, жакшы адис болчу. Анын бул жакка которулушу дагы шайлоону алып кете албайт. Ошон үчүн өз кишисин коюп, каалагандай бурабыз деген ой менен болгон иш бул.

- Айрым серепчилер, кечээ жакында эле митингде Бакиев кетсин деп кыйкырып жүргөн айрым адамдардын жоопту кызматтарга коюлушун, ошондой эле Ишенгүл Болжурованын билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп кайрадан дайындалышы кадрдык саясаттын начардыгы катары баалашууда. Буга кандай дейсиз?

- Буга мен биринчиден макулмун, экинчиден, бул саясий соода. Үчүнчүдөн, тике бою тик туруп бийликке көз каранды ким – мугалимдер. Ачык айтканда мугалимдердин бурамасын катуу бурай турган киши керек болчу. Демократиялык системадан алыс ошондой ыкмаларды колдонгон. Мурунку учурда бул эженин кылган ишинин көптүгү жана ушул бийликке чын дилинен берилген кишилердин бири. Негизинен айтканда министрликти, мугалимдерди бир тизгиндеп, бир сызыкка тургузуп жаткан иш. Бул дагы шайлоого байланыштуу. Бул бийликтин өзүнүн партиясын алып өтүүгө жасаган аракети.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG