Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:12

16:22 Кыргызстанда бангизаттардын саны опурталдуу кырдаал түзүүдө


ИИМдин бангизаттар менен күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаиловдун ырасташынча быйылкы жылы Ооганстанда апийимдин оңор эмес түшүмү өстүрүлүп, адистердин байкоосунда ал сегиз миң тоннадан ашты. Мынчалык апийимден 800дөн ашуун тонна героин чыгарууга болот. Өстүрүлгөн апийимдин жыйырмадан ашуун пайызы түндүк жолу аркылуу Борбор Азия республикаларынын аймагы менен өтөт. Бул Кыргызстандагы бангизат жагдайын кыйла оорлотот деп билдирди М. Исмаилов. Азыркы күндө наркодиспансерде расмий жети жарым минден ашуун бангичилер каттоодо турат, Кыргызстан боюнча элүү миңдей бангичилер бар. Ал эми М. Исмаиловдун айтымында бул көрсөткүч чынында жети сегиз эсе көп болушу мүмкүн. (ESu)

XS
SM
MD
LG