Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:33

ЖАРЫМ ПАЙЫЗДЫК БОСОГО БОЮНЧА “АК ЖОЛДУН” ДОО АРЫЗЫ КАНААТТАНДЫРЫЛГАН ЖОК


Бүгүн Бишкектеги райондор аралык соту “Ак жол” партиясынын арызын канааттандырган жок. Партия БШКнын Шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пунктуна берген 19-ноябрдагы түшүндүрмөсүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Ошондой эле бүгүн Биринчи май райондук сотунда БШКнын партиялардын тизмесин каттабоо тууралуу чечимине каршы бир нече саясий партиянын доо арызы каралып, айрым партиялардын өтүнүчү канааттандырылган жок.

“Ак жол” партиясы шайлоо кодексинин 77-беренесинин 2-пункту боюнча БШКнын 19-ноябрда берген түшүндүрмөсүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган эле. Түшүндүрмөгө ылайык парламенттик шайлоого катышуучу саясий партиялар ар бир облустардан, Бишкек, Ош шаарларынан респбуликалык тизмеге кирген шайлоочулардын жалпы санынан 0,5% добуш топтошу керек. Доо арыз ээлери БШК Жогорку Кеңеш жана Референдум тарабынан кабыл алынган мыйзамдарга түшүндүрмө берүүгө укугу жок жана кодекстин бул жобосу жарандардын добуш берүү укугу тууралуу мыйзамды бузат деген негиз менен сотко кайрылышкан. Бул боюнча соттук териштирүү бүгүн Бишкектеги райондор аралык сотунда болуп, судья Элмира Байтикова төмөнкүдөй чечим чыгарды:

- Сот чечим кылды: “Ак жол” элдик партиясынын БШКнын түшүндүрмөсүн жокко чыгаруу боюнча арызы канааттандырылбасын. Сот чечимине нааразы тараптар он күн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдоого укуктуу.

“Ак жол” партиясынын өкүлү Бакыт Сыдыгалиев соттун чечими менен макул эмес. Анын “Азаттыкка” айткан сөзү боюнча 0,5% босого саясий партиялардын жана шайлоочулардын укугун бузат:

- Бардык шайлочудардын 0,5% добушун алуу керек деген чек чындыгында партияларга кыйынчылык туудурат. Анткени бизде Нарын, Талас сыяктуу облустарда шайлоочулар аз. Ошондуктан биз ушундай кайрылуу менен сотко кайрылганбыз.

Бакыт Сыдыгалиев соттун чечими боюнча апелляциялык арыз жолдоо маселеси партиянын саясий кеңешинде караларын кошумчалады.

Ал эми БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов сот чечими туура болду деп эсептейт. Анын айтуусунда мыйзамда бирдиктүү шайлоо аймагындагы шайлоочулардын жарым пайыз добушу деп жазылып турат, азыркы шайлоодо бирдиктүү шайлоо аймагы жалпы Кыргызстан боюнча бирөө эле:

- Жалпы Кыргызстан боюнча 90 мандаттуу бир округ гана бар. Ошондуктан, бизде башка түшүнүк болбоого тийиш. Бир участоктогу шайлоочулардын тизмеси жана округдагы шайлоочулардын тизмеси деп гана түшүнүүбүз керек,

Ошондой эле бүгүн Биринчи Май райондук сотунда да бир нече партиялардын БШКнын каттоодон өткөрбөө тууралуу чечимине каршы арыздары каралып, “Кыргызстан Коммунисттери” жана “Таза коом” саясий партияларынын арызы канаттандырылган жок. Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда “Жашылдар”, “Замандаш” жана “Мекен-Родина” партияларынын БШК чечимин жокко чыгаруу боюнча арызы каралууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG