“Замандаш” партиясынын мүчөсү Мирбек Темировдун билдиргенине караганда,сот бул ишке байланыштуу документтер менен таанышып, бүгүн чечим чыгарашы күтүлүүдө. “Замандаштын” жана “Жашылдар” партиясынын тизмесин БШК 25-ноябрда карап, тизмеде гендердик теңчилик сакталган эмес деген негизде каттоодон баш тарткан эле.(MSu)