Бул тууралуу Косовонун президенти Фатмир Сеждиу билдирди. Ал Косовонун көз карандысыздыгын качан жарыялай турганын айткан жок, “бирок бул жакынкы күндөрү болот” деди. Анын аралыгында, серб президенти Борис Тадич Белград Косово лидерлеринин аймакка тиешелүү бардык чечимин жокко чыгара тургандыгын билдирди. 10-декабрда АКШ, Орусия жана Евробиримдиктин ортомчулары БУУга сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча доклад жасайт.