Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

ООГАНСТАНДА - АПИЙИМ, КЫРГЫЗСТАНДА - ИНДИЯ КАРАКУУРАЙЫ


Ооганстанда быйыл 8 миңден ашуун тонна апийим өстүрүлгөнү маалымдалууда. Адистердин баамында, андан 800 тонна героин алууга болот. Кыргызстандын айрым аймактарында кийинки кездери индия каракуурайын өстүрүү күч алууда. Кыргызстандын ички иштер кызматкерлери өткөн жылы 2 тоннадан ашуун баңгизат кармашса, быйыл ал жыл аягына чейин эле 4 тоннадан ашты.

Кыргызстандын ички иштер министрлигинин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Мырзабек Исмаиловдун айтуусунда, өткөн жылы ички иштер кызматкерлери 2 тонна 676 килограм баңгизаттарын алып кетип аткан жеринен кармашкан. Быйыл ал көрсөткүч 10 ай ичинде 4 тонна 881 килограммды түздү. Колго түшүрлгөн баңгизаттардын кыйласы Ооганстандан ташылып келген эмес, Кыргызстандын өзүндө өстүрүлгөн.

- Баңгизатка байланыштуу кылмыштуулук өсүп келатат десем туура болот. Бизге кошуна өлкөлөрдүн бири Ооганстан баңгизат өстүрүүнү жылдан-жылга көбөйтүп жатат.

М.Исмаилов баңгизат менен шугулданган кылмышкерлерге кошулуп, аларга арка-жөлөк болуп келаткан ички иштер кызматкерлери, башка кызматтардын арасында деле андайлардын жолугарын белгилеп, алардын айрымдары ири өлчөмдөгү баңгизаттар менен кармалганын маалымдады.

- Бизде жакында эле Оштон подполковник Т.Сабиров кармалган. Ошондон 109 килограм апийим алынган. Көп жылдардан бери иштеген адам. Баңгизат менен иштеген кылмышкерлер менен байланышып, Тажикстандан апийим алып келатканда кармалган. Андан кийин Таласта биздин улук инспектор кармалды. Баңгизаттарды көзөмөлдө агенттигинин кызматкери К.Каримов 10 килограм героин менен кармалган.

Аты аталгандардын арасынан Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкери К.Каримовдун кылмышка тиешеси жоктугу сотто аныкталып, азыр ал мурдагы ишинде жүргөнүн аталган агенттиктин жооптуу кызматкери Кумар Чалданбаев билдирди.

- Анын иши сотко берилген болчу. Бирок ал сотто толугу менен акталган.

К.Чалданбаевдин пикиринде, Ооганстан өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөөгө шайы келбей, жакырчылыкка кептелген дыйкандар апийим аркылуу социалдык-экономикалык маселелерин чечүү аракетине өтүшүүдө.

- Ооганстан өкмөтү кырдаалды көзөмөлдөй албай жатат. Анткени баңгизаттан көп акча келет.

М.Исмаилов Ооганстандан ташылчу баңгизаттар Кыргызстандын Баткен, Алай аймактары аркылуу өтөрүн, адам эс-акылын маң кылчу заттын кыйласы орто жолдон каларын, Кыргызстанда Наркологиялык диспансерде 7 миң ашуун баңгичилер катталганын, бирок алардын чын саны мындан 7 – 8 эсе көп болушу ыктымал экенин айтты. Анткен менен кийинки кездери баңгизатка каршы күрөшчү коопсуздук кызматкерлерин тынчсыздандырган маселе Кыргызстандын айрым аймактарында индия каракуурайын өстүрүүнүн жайылып баратышы болууда.

- Биз 3 тоннадан ашуун индиялык кара куурайды тартып алдык. Аны атайын жерде өстүрүшкөн, бөтөн киши келбесин үчүн куралчан кароолчу коюшкан. Сугарып, карап турушкан. Талас облусунун Карабуура, Бакайата районунан ошондой аянттарды таптык,- дейт Мырзабек Исмаилов.

Баңгизаттарга байланышкан кырдаал жылдан-жылга оорлошуп баратканын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин жооптуу кызматкери К.Чалданбаев да бышыктады.

- Тенденциясын караганда көбөйүп эле баратат.

М.Исмаилов жакында Австриянын Вена шаарында өткөн баңгизаттарга каршы күрөшүүгө арналган эларалык жыйынга катышып келгенин маалымдады. Анын айтуусунда, каадалуу жыйында Ооганстанда жыл санап арбып бараткан апийим өстүрүүнү кантип азайтуу маселеси да козголгон. Азырынча жаамы дүйнөнү ойлонткон суроого айкын жооп бериле элек. Биртоп маалымдоо каражаттары антитеррордук коалициянын айрым өкүлдөрү Ооганстандан чыккан баңгизаттарды Батыш өлкөлөрүнө жеткирүүгө колкабыш кылып келатышканын жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG