Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:53

Пакистанда өлкө президенти Первез Мушараф армиянын башкы командачылык кызматынан чегинди. Муну менен анын аскерий башкаруусунун сегиз жылдык доору аяктады. Эртең Мушараф Пакистандын бейаскерий президенти катары ант берери күтүлүүдө. Бул окуянын өлкөдөгү саясий кризиске жана Ооганстан менен чектеш аймактарда талибанчыл согушкерлерге каршы күрөшкө кандай таасири болушу мүмкүн.

Армиянын башкы командачылык кызматынан чегинүү менен Первез Мушараф өзүнүн саясий оппоненттеринин талабын аткарды. Эки кызматты бирдей ээлеп алганы үчүн ал мекенинен да, четтен да сын угуп келген эле. Мурда Пакистан армиясынын жетекчилигиндеги алмашууга арналган салтанаттар жабык эшик артында, маалымат каражаттарынын катышуусуз өтчү. Бул ирээт ал салт өзгөртүлдү. Армиянын борбор калаа Исламабаддын жанындагы Равалпинди шаарында жайгашкан башкы кеңсесине телекамалардын киргизилишине жол берилди. Салтанатта сүйлөгөн сөзүндө Мушараф буларга токтолду:

- Аскер формасын кырк жыл кийдим, эми аны менен коштошуп жатам. Армия менин өмүрүм, армия менин эңсөөм эле. Мен армияны ар убак жакшы көрчүмүн.

Башкы командачылыкты андан 52 жаштагы генерал, чалгын кызматынын мурдагы жетекчиси Ашфак Киани өткөрүп алды. Ал азыр оппозиция лидерлеринин бири Беназир Бхутто премьер-министр кезинде анын аскерий кеңешчиси болгон. Ага карабай Мушараф Кианини быйыл октябрда өзүнө орун басар кылып дайындаган эле.

Перфез Мушарафтын армия башчысынын кызматтынан чегинүүсү менен анын сегиз жылга созулган жеке бийлиги аяктады. Мушараф бийликке 1999-жылы аскерий төңкөрүш аркылуу келген болчу.

Эксперттер эми президенттигинин беш жылдык мөөнөтүн жаңы баштап жаткан Мушарафка коомчулуктун колдоосу алдыда да төмөн бойдон каларын, исламчыл согушкерлер жараткан көйгөй, ички саясий олку-солкулуктар улана берерин белгилешүүдө.

Пакистандын англис тилинде чыгуучу "The News" гезитинин Лондондогу редактору Шаде Садулланын пикиринде, Мушараф үчүн келечектеги башкы сыноо - армия ага буга чейинкидей колдоо көргөзүүнү улантаар–улантпасы.

Эң башкы саясий таасири – ал мындан ары армия башчысы эмес. Андыктан, бул жерде суроо чыгууда. Ал куралдуу күчтөрдөн канча убакытка чейин колдоо таба алат. Азыркыга чейин ал толук колдоо алып келди. Ал армияда популярдуу эле. Бийликте турган соңку сегиз жылда армия үчүн жакшы эле кам көрдү. Ага ошондой эле жарандык бюрократиядан да толук колдоо бар болчу.

Ал эми пакистандык таанымал журналист жана Талибан боюнча эксперт Ахмед Рашиддин пикиринде, Мушарафка армиядан көргөзүлгөн колдоо эми белгилүү бир убакытка чейин гана созулушу мүмкүн. Армия башчылыгынын жаңы жетекчиликке өтүшү өз кезегинде Ооганстанга жакын чек ара райондордо талибанчыл согушкерлерге каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл бурулуусун шарттайт:

- Армия террорчулукка каршы күрөшүп келди. Муну улантаары шексиз. Мен кандайдыр бир үзгүлтүк болот деп эсептебейм. Иш жүзүндө, Пакистандагы саясий кризис Мушараф эки калпакты бирдей кийип турганынан улам тутанган. Саясий кризиске байланыштуу ал террорго каршы күрөшкө жетиштүү көңүл бура алган жок. Менимче, азыр экстремизмге каршы күрөшкө толук көңүл бура турган армия башчысы болот.

Ал эми исламабаддык айрым саясий аналитиктердин пикиринде, Мушарафтын армия башчылыгынан кетиши анын сасий коодоочуларын алсыратат. Мушарафтын жактоочулары азыркы парламентте көпчүлүктү түзөт. Бирок келерки жылдын янарында жаңы шайлоо өтүшү керек. Өлкөдө алигиче сакталып турган өзгөчө абал тартиби болсо бери дегенде Мушараф бейаскерий президент катары ант бергенден кийин да бир нече күнгө созулчудай. Өзгөчө абалды Мушараф 3-ноябрда киргизген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG