Ооганстанда АКШ жетектеген коалициялык күчтөрдүн учагы таштаган бомбадан жолду оңдоп жүргөн 12 жумушчу набыт болду. Кечээ кечинде Нуристан провинциясында болгон бул окуя тууралуу провинция акими Тамими Нуристани Франс Пресс агенттигине билдирген. Коалициялык күчтөрдүн басма сөз бөлүмү азырынча бул маалыматты тастыктай албай турганын айтууда.