Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:56

Косовонун келечек макамы боюнча эл аралык сүйлөшүүлөрдүн акыркы айлампасы, күтүлгөндөй эле жыйынтыксыз аяктады. Австриядагы үч күндүк талкууда Европа Союзу, Кошмо Штаттары жана Орусиядан турган "үчилтик" Белград менен Приштинаны элдештирүүгө аракеттеништи. Бирок эки тарап тең өз айткандарынан кайтпай туруп алышты. Ушул жаатта “Азаттыктын” Косово бөлүмүнүн директору Мелазим Коци менен маекти Жаңыл Жусубжан сунуш этет.

- 10-декабрга чейин "үчилтик" Бириккен Улуттардын баш катчысына Косово сүйлөшүүсү боюнча отчет бериши керек. Азырынча бул мөөнөт келе элек. Эмне үчүн анда Австриядагы сүйлөшүү Белград менен Приштинанын акыркы талкуусу деп айтылып жатат? Мындан ары эмне болот?

- Эми биз "үчилтиктин" БУУнун жетекчиси Пан Ги Мунга жибере турган отчетун күтөбүз. Бирок алар Косовонун макамы боюнча эч нерсе сунуш этпей тургандыгын айтышты. Приштина менен Белграддын ортосундагы сүйлөшүүгө келгенде, жаңы сүйлөшүү болот деп ойлобойм. Эки тараптын эки жылдан берки талкуусунан майнап чыккан жок. Косово көз карандысыздыктан башка эч нерсеге макул эмес. Сервия ага автономия сунуш этип жатат. Бул эки турумдун ортосунда мунапыс болушу кыйын, мындан аркы сүйлөшүүдөн пайда жок.

- Сербия Косово өз алдынча кетсе, экономикалык жана саякат тоскоолдуктарын киргизиши мүмкүн экендигин эскерткен. Косовонун жетекчилери көз карандысыздык жарыялайбыз деп жатышат. 10-декабрга чейин эмне болуп кетиши мүмкүн?

- 10-декабрга чейин "үчилтиктин" Пан Ги Мунга отчетун күтүшүбүз керек. Анын аралыгында Косовонун парламенти жана өкмөтү өз алдынчалык жарыялабайт. Алар Кошмо Штаттары жана Европа Союзу менен кеңешкенден кийин көз карандысыздык жарыялайбыз деп айтышкан. Алар январ-февралга чейин күтүп, анан суверендүүлүк жарыялайт болуш керек. Эч ким тааныбаса, өз алдынчалыктан эмне пайда? Сербиянын санкцияларына келе турган болсок, Косово Сербиядан бөлөк жашап кете албайт деп айтышат. Бул туура эмес. Косовонун Македония жана Албания аркылуу алтернативалык жолдору бар. Экономикалык санкциядан же саякаттоого тыю салуудан натыйжа болбойт.

- Косовонун өкмөт башчылыгына келгени жаткан Хашим Таци мунасага жетүүнүн мүмкүнчүлүгү "өтө татаал" экендигин мойнуна алган. Ошол эле убакта ал эгер Косово өз алдынчалык жарыяласа, аймакта кайра жаңжал башталат деген ырастоону да четке каккан. Тацинин оптимизми эмнеге негизделет?

- Менимче, келечекте Косовонун өз алдынчалыгы Балкандагы туруктуулукту гана бекемдейт. Таци ушуну айтайын деп жатат. Эгер Европа биримдиги Кошмо Штаттарынын турумун колдосо, Балканда жаңы жаңжал чыгат деп ойлобойм. Азыр эң башкысы, Орусия азыр Косовонун өз алдынчалылыгына бут тосуу Косовону "дымып калган" жаңжалга айлантуу аракети менен иш жүзүндө НАТОнун Балкан аймагына жайылышын токтотууга далалаттанып жатат.
XS
SM
MD
LG