Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

Испания борбору Мадридде 29-ноябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун министрлер кеңешинин жыйыны башталат. Уюмга кирген өлкөлөр арасындагы терең ажырым соңку жылдары тараптардын чечүүчү маселелер боюнча мунасага келүүсүн кыйындатып келген эле. Испанияда эки күнгө созулуучу жыйынды баяндамачылар ЕККУ үчүн маанилүү сынак катары баалашууда. Ал эми Казакстандын 2009-жылы уюмга төрагалык кылуу мүдөөсү бул жыйында орундалбай тургандай.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун министрлер кеңешинин жыйыны эреже боюнча алдыдагы жылда артыкчылык берилүүчү багыттарды белгилеген жана аткарылууга милдеттүү саясий декларация кабыл алышы керек. Бирок, АКШ менен Орусия ортосундагы туруктуу пикир- келишпестиктерден улам 2002-жылдан берки кеңешмелер мындай жыйынтыктоочу документсиз аяктап келүүдө. Вашингтон менен Москвадан айтылып жаткан сөздөргө караганда, ушул эле көрүнүш быйыл да орун алчыдай.

Башка маселелер менен катар ЕККУнун министрлер кеңеши Мадриддеги жыйында уюмга 2009, 2010, 2011-жылдары кайсыл өлкөлөр төрагалык кыларын чечиши керек. Алсак, Казакстандын ага 2009-жылы төрагалык кылуу мүдөөсү мүчө өлкөлөрдү эки лагерге бөлүп салды. Бул маселе былтыр эле чечилери күтүлгөн, бирок Казакстан демократия жана адам укуктары жаатындагы булганган беделин оңдоосу үчүн Астанага дагы убакыт берүү ылайык деп табылган эле.

Орусия жана КМШнын калган өлкөлөрү Казакстандын талапкерлигин колдоору айныксыз. Анткен менен Батыштын бир катар мамлекеттери Казакстан адам укуктары менен демократия түпкү баалуулуктарына кирген уюмга төрагалык кылууга азырынча даяр эмес экенин жүйөө кылып, буга каршылык билдирүүдө. Алардын арасында АКШ, Британия, Чехия бар. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун пикиринде, быйылкы парламенттик шайлоого чейин бул коңшу өлкөнүн мүмкүнчүлүгү жогорураак болчу.

Быйыл августа казак парламентинин төмөнкү палатасы үчүн өткөн мөөнөтсүз шайлоону ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу жалпысынан терс баалаган. Ал шайлоонун натыйжасында парламенттеги орундардын баарын президент Нурсултан Назарбаедин "Нур-Отан" партиясы гана ээлеген.

ЕККУнун алкагындагы чечимдер консенсус жолу менен кабыл алынат, башкача айтканда аны уюмга мүчө 56 өлкө тең колдошу абзел.

Маселен, АКШ Казакстандын талапкерлигин 2011-жылга чейин калтырып, бул мөөнөттө Астана ЕККУнун демократиялык стандарттарына канчалык ийги экенин көргөзүүсүн сунуш кылды. Ал эми Орусия Казакстан 2009-жылы төрагалык кылуусун талап кылууда. Москванын пикиринде, Астананын талапкерлигинин четке кагылышы КМШ өлкөлөрү тарабынан ЕККУда ага мүчөлөрдүн баары бирдей укукка ээ эмес экенинин далили катары кабыл алынат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG