Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

АКШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ПРОЦЕССИНЕ АКТИВДҮҮ ТАРТЫЛАТ


АКШ президенти Жорж Буш Ак үйдө адегенде палестин лидери Махмуд Аббасты,андан соң израил премьери Эхуд Олмертти кабыл алды.Сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин үч лидер чакан маалымат жыйынын өткөрүштү.

Президент Жорж Буш Аббас менен Олмертти бир нерсеге - АКШ тынчтык процессине активдүү кийлигишерине, келечекте Израил менен жанаша жашай турган палестин мамлекети боюнча тараптардын зарыл чечим табышына колдон келген бардык жардамын көрсөтөрүнө ишендирди.

Аннаполистеги саммитте израил жана палестин лидерлери жүйүр сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Буштун президенттик мөөнөтү бүткөнчө - эмдиги жылдын этегине чейин бир жаңсыл чечимге келгенге убада беришти. Буш ушунун өзүн “жакшы башталыш” деп баалап, процесстин түпкү натыйжасына реалдуу үмүт пайда болгонун белгиледи. “Эгер тынчтыкка жетүү мүмкүн экенине ишенбегенимде мен бу жерде турбас элем”,- деп айтты Буш.

Олмерт менен Аббастан Буш мактоосун да аябады. Алардын батылдыгына жана лидерлигине өтө курсант болгонун билдирип, Буш палестин жана израил жетекчилерин өзүнүн досу деп атады жа буга сыймыктанарын кошумчалады.

Ошол эле учурда Буш алдыдагы сүйлөшүүлөр оңой-олтоң болбостугун кайталап эске салды. Алардын биринчи айлампасы 12-декабрда Иерусалимде өткөрүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө бардык талаштуу проблемалар, алардын ичинде Иерусалимге, чек ара талашына, палестин качкындарына байланыштуу кычыктуу маселелер талкууланат.

Шейшемби күнү Аннаполисте жабык режимде өткөн жыйында тыкыр маанидеги кадамдар аныкталды. Саммитте, мамлекеттик катчы Кондолиза Райс ырастагандай, Израил менен Палестинага тиешелүү иштерден тышкары жалпы регионго, анын ичинде Сирияга байланыштуу проблемалар да каралды. Бирок алар кайсы маселелер экенин Райс тактаган жок.

Алдыдагы сүйлөшүүлөр кыйын болорун палестин администрациясынын өкүлү Саеб Эрекат да бышыктады. Ал бу жолу тараптар сүйлөшүүлөргө караганда көбүрөөк чечимдерди тапканга милдеттүү экенин эскертти. “Эмнеге дегенде сүйлөшүүлөр бүгүн эле башталып отурган жок, алар мындан он төрт жыл мурда башталганын эске сала кетким келет”,- деп айтты Эрекат.

Эрекат сүйлөшүү процессине 1993-жылдан бери катышып келатат. Ошо жылы Ослодогу конференцияда тараптар биринчи ирет дипломатиялык байланыш түзүшкөн жана палестин автономиясы Израилди ырасмий түрдө тааныганга убада берген.

XS
SM
MD
LG