Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

21:00 “Ата мекен” партиясынын Кадамжай райондук штабын опузалашты


БАТКЕН. Бул тууралу “Азаттыкка” “Ата мекен” саясий партиясынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы Хаят Айкынов 29-ноябрда маалым кылды. Кадамжай шаарчасынын жыйырмадан ашуун тургуну аталган партиянын райондук штабын бүгүндөн калтырбай жабылуусун талап кылышкан. Опузачылар өзүлөрүн элдик революцияны колдоо тобунанбыз деп тааныштырып, өлкө президенти Бакиевди колдошоорун айтышкан. Ошондой эле алар “Ата мекен” партиясынын штабын ачышып, кадамжайлыктарды бүтүндөй республикага уят кылып жатышканын билдиришкен. Жергиликтүү милиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү астында нааразычылык көрсөтүп келгендер тарап кетишкен. (SA)

XS
SM
MD
LG