Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

ЖООМАРТ БӨКӨНБАЕВДИН ЖАҢЫ АЙКЕЛИ


29-ноябрда эртемененки саат ондо Эркиндик гүлбагында Бишкек коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда улуу акын Жоомарт Бөкөнбаевдин 2003-жылдын 17-мартында уурдалып кеткен эстелигинин ордуна жаңы айкелинин ачылыш салтанаты өттү.

Кыргыз жазма адабиятынын алгачкы өкүлдөрүнүн бири, акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин 1947-жылы кыргыз эл сүрөтчүсү Ольга Мануйлова чеккен айкели 2003-жылдын 17-мартында уурдалып кетип, бүгүн жаш айкелчи, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Аскар Турумбековдун колунан жаралган экинчи айкелинин ачылыш аземи өтүп отурат. Кыргыз республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев – “ушундай улуу акындын эстелигин уурдатып ийип, төрт жыл бою ордун бош коюп койгонубуз да биздин кайдыгерлигибиз го” деген таризде сүйлөдү:

- Жоомарттын эстелиги адеп уурдалганда, ушул жерден өткөндөн жазганып жүрдүк. Айкелдин аңгырап бош турган ордун көрүү кыйнаган күндөр болду. Бирок ушул төрт жыл ичинде тез арада акындын эстелигин тургузуп койсок деле болмок. Антпедик. Мына ушундай кайдыгерликтен арылышыбыз керек.

Жоомарт Бөкөнбаевдин 1947-жылы тургузулган адепки эстелиги – кыргыз адабият, маданият өкүлдөрүнө тургузулган алгачкы эстелик жана дегеле Бишкекте алгач тургузулган Панфиловдун, Бегельдиновдун айкелдери менен тең катар бүткөн эмгек эле. Кыргыз Эл акыны Эрнис Турсунов жаңы заманды жар салган жаңычыл акын Жоомарт Бөкөнбаевдин ошондой жалындуу ырларынан окуду:

- Буркан-шаркан, булоолонгон,
Ысык терге киринген,
Колдо бургу машинасы,
Дырылдаган, жүгүргөн,
Социалчыл эл балбаны,
билектерин түрүнгөн,
Мен садага, мен садага,
Майдандагы түрүңдөн – деп али отузунчу жылдарда элди маданиятка, техникага, индустрияга жар чакырып үндөгөн.



Ал эми кыргыз эл жазуучусу Сейит Жетимишев жана Бактыгүл Чотурова Жоомарт акынга арнап жазган ырларынан окушту:

Сейит Жетимишев:

- Сууту келген күлүктөй,
Суналып чуркап күйүкпөй,
Коомдун күрөө тамырын,
Комуздай черткен үгүттөй.

Кыл чачы тармал төгүлгөн,
Кыздарды сүйгөн көңүлдөн,
Кыргыздын кыраан мүнөзү,
Кыялынан көрүнгөн.

Алатоодон бата алган,
Сталинден кат алган,
Арбагы тирүү адам бар,
Акын Жоомарт атанган.


Бактыгүл Чотурова:

- Бир карачы ага, артыңан,
Ким жарачу, ана сүрөөнү,
Кыргызымдын баштап салтынан,
Жылдызыңдын ташта бирөөнү...

Шумкар конуп учкан конуштун,
Тулпар болуп чыккан кулуну,
Жоомарт ага, кылы комуздун,
Жоомарт ага, сүйөм ырыңы.


Жыйын соңунда сөз сүйлөгөн Жоомарт Бөкөнбаевдин уулу, белгилүү коомдук ишмер Кулубек Бөкөнбаев элге ыраазылыгын билдирди:

- Атамдын айкели адеп уурдалган күнү атам экинчи ирет өлгөндөй бала-чакам менен ушу жерде буркурап ыйлап турдук. Атамдын айкелине болгон наадандык – бүткүл кыргыз адабиятына, маданиятына болгон кол салуу болду. Мына бүгүн эстелик кайрадан тургузулуп отурат. Кыргыз элиме, сиздерге таазим этем.

Жоомарт Бөкөнбаев тууралу жазуучу Самсак Станалиевдин “Жылдын эң узак күнү” деген романы жаңыдан жарыкка чыгып, салтанаттын аягында бул китеп элге таркатылды.
XS
SM
MD
LG