Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:18

Биринчи май райондук соту «Жашылдар» жана «Замандаш» саясий партиялардын арыздарын канааттандырган жок. Эки күндүк талкуудан кийин ушундай чечим чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы бул эки саясий партиянын парламенттик шайлоого катышуу үчүн даярдаган тизмесин жаратпай койгон. Буга чейин сот БШКнын тизмеси катталбай калган «Таза коом», «Ооган жана башка жергиликтүү чатактардын ардагерлери» партияларынын, Коммунисттик партиянын чечимин жокко чыгарууну сураган арыздарын канагаттандырган эмес. Жеңилген тарап чечимдерди бийликке көз карандылыктын туундусу катары баалап жатат.

Шайлоого баруу ниетин билдирип, тизмесин БШКга тапшырган 22 саясий партиянын онуна шайлоого катышуу укугу берилбей калды. Алардын ичинен «Жаңы мезгил» саясий партиясы өз эрки менен тизмесин кайтарып алды. «Ардагерлер жана жаштар» партиясы БШК келтирген негиздерге макул болду. Калгандарын каттоодон БШК тизме түзүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактаган эмес деген кине менен баш тартты. Буга нааразы болуп сотко кайрылган алты партиянын биринин да арызы канагаттандырыла элек. Маселен, «Мекен» партиясынын арызы сотто териштирилип бүтө элек. «Жашылдар» жана «Замандаш» партиясынын арыздарын канагаттандыруудан бейшембиде түштөн кийин Биринчи май райондук соту баш тартты. Чечимди сот отурумунун акырында ишти караган судья Мадина Давлетбаева окуп берди:

- Кылмыш-процессуалдык кодекстин 197, 201, 205, 211, 257-беренелеринин негизинде сот «Замандаш» саясий партиясынын тизмени каттабоо жөнүндөгү БШКнын чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү арызын канагаттандыруудан баш тартууну чечти.

Ушундай эле чечим «Жашылдар» партиясына карата да угузулду. Мындай чечимди эми аталган партиялар Жогорку Сот аркылуу жандыруу аракетин көрө башташты. Анткени, маселен, «Жашылдар» саясий партиясынын өкүлү Самат Алиевдин көз карашында:

- Обьективдүү чечим чыгарылган жок деп ойлойбуз. Алдыда дагы Жогорку Сот бар. БШКнын каталары бүгүн каралган жок.

Заказ болушу мүмкүн деген божомолун «Замандаш» партиясынын лидерлеринин бири Мирбек Темиров да билдирди:

- Мындай чечим чыгарын биз билгенбиз. Биз заказ болушу мүмкүн деп ойлойбуз.

Ошентип, алгачкы тоскоолдукта жеңилген саясий партиялардын лидерлери дээрлик БШК бийликке жан тартып, партиялардын санын азайтуу максатында ушундай ыкманы колдонду деп эсептеп жатышат. Мындай дооматтын чындыгы барын тизмелерди каттоо боюнча БШКнын бир топ чечимдерине каршы чыккан шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Сариев белгиледи:

- Бардыгына ушундай бирдей мамиле жасалды. Ошол эле учурда башка партияларга жеңилдиктер берилип, катталып коюлду. Жүйөөлүү каталар бар, ошолорго карабастан, көз жумду кылып каттап коюшту.

Ошол эле маалда БШКнын укугун сотто коргоп жаткан өкүлдөр шайлоо комиссиясы мыйзамдан башка ишенер да, таянаар да эч нерсеси жок экендигин байма-бай кайталап жатышат. Саясат таануучу Кубан Абдымен аталган партиялардын көпчүлүгү саясий тажрыйбасынын жоктугунан кадам шилтегенде эле мүдүрүлүп калышты дейт. Бирок, бул бийликтин кызыкчылыгы эске алынбай калды дегенди дегеле билдирбейт:

- Чындап келгенде бийликтегилер албетте, өз бийлигин сактап кала тургандай ишке жол ачыш үчүн көптөгөн жең ичиндеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошонун айынан бир топ партиялар даяр, көптөгөн тажрыйбасы болсо дагы бийликтегилерге тоскоолдук кылбагандай, мүмкүнчүлүктү көбөйтө тургандай кылып шайлоодон алынып атат.

Кубан Абдымендин оюнда Бийлик өзү шайлоодо көбүрөөк упай топтоо максатында коомчулукту массалык түрдө колдоого кудурети азыраак саясий партияларды акырындык менен четтетүүгө таасир этүүдө. Талдоочу жарыштан чыгарылган партиялардын саны ушуну менен чектелет дегенге дегеле ишенбейт. Ал парламенттик чукул шайлоонун негизги жарышына катышууга төрт-беш эле партияга мүмкүнчүлүк түзүлөт деп болжоду.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG