Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

30-НОЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Омск областынын начальниги 1874-жылдын 30-ноябрында кыргыз элчилигин Омскиге жөнөтүү туурасында Семипалатинск округдук начальнигине көрсөтмө жолдогон. Мерке-Пишпек темир жолунунун курулуш ишинде, 1915-жылы австро-венгриялык жана немец туткундары эмгектенген.

Омск областынын начальниги С. Б. Броневский 1874-жылдын 30-ноябрында кыргыз элчилигин Омскиге жөнөтүү туурасында Семипалатинск округунун начальнигине көрсөтмө жолдогон. Семипалатинск округ начальниги кыргыз элчилигинин курамы-Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков, Акымбек Олжобаев экендигин жана аларды Сарпбек, Токтогул, Мамбет, Ботпай аттуу жигиттер коштоп жүргөндүгүн кабарлаган. Кыргыз элчилигин Семипалатинск бийлиги күтүп, алар үчүн жата турган үй-жай жана ичип, жегенине тамак камдаган.

1915-жылдын бу күндөрү Мерке-Пишпек темир жолуннун курулуш ишине австро-венгриялык жана немец туткундары тартылган. Мындан тышкаары, Биринчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн Россия империясынын каршылаштары, Кыргызстан аймагындагы ирригациялык системалардын курулушунда да эмгектенишкен.

Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитети менен Элдик комиссарлар кеңешинин аппарат кызматкерлери 1933-жылдын бу күнүн физзарядка менен башташты. Партиялык комитеттин чечимине ылайык большевиктердин ишке болгон ыкласын, физкультуралык машыгуу арттырат деп белгиленет партия документтеринде.

1942-жылдын бу күндөрү фрунзеликтер накта искусство чеберлеринен сабак алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишишти. Фрунзе шаарына эвакуацияланган Москва мамлекеттик консерваториясынын окутуучулары-таанмыал профессор Нечаев, Раухвергер, Сибор жана Гузиковдор музыка ышкыбоздоруна скрипка менен фортепианодон сабак берип башташты.

1944-жылдын бу күнү Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда согуштан жаракат алган жоокерлерге биринчи жардам көрсөтүүгө арналган илимий-практикалык конференция ишин баштады. Конференцияда кыргызстандык хириургдардын Улуу Атамекендик согушта жарадарланган жоокерлердин өмүрүн сактап калуу тажрыйбалары көрсөтүлүп, аларды практика жүзүндө колдонуу шарты талкууланды.

Бу күнү, 1840жылы Наполеон Бонапарттын сөөгү Ыйык Елена аралынан Парижге алдырылып, 1508-жылы италиялык архитектор Андреа Палладио, 1636-жылы голланд живописчиси Андриан ван де Вельде, 1667-жылы англис жазуучусу Джонатан Свифт, 1813-жылы француз композитору Шарль Алькан, 1817-жылы айтылуу немец тарыхчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Теодор Моммзен, 1835-жылы Марк Твен, 1869-жылы швед инженери, Нобель сыйлыгынын лауреаты Нильс Густав Дален, 1874-жылы атактуу англис саясатчысы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уинстон Черчилль, 1906-жылы англис жазуучусу Джон Диксон Карр жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG