Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:15

ВИТАЛИЙ ПОНОМАРЕВ: БАКИЕВДИН КОШОМАТЧЫЛАРЫ ЖОСУНСУЗ ЖОРУКТАРДЫ ЖАСАП ЖАТЫШАТ


Виталий Пономарев «Мемориал» эл аралык укук коргоо борборунун директору. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалга туруктуу абай салып жүргөн серепчи. Жакында Ошто сапарда болгондо В. Пономаревду «Азаттыктын» аймактык кабарчысы Алишер Токсонбаев кепке тарткан эле.

- Виталий мырза, айтсаңыз, дегеле Борбор Азияда адам укугу кандай акыбалда?

- Ток этээр жерине токтолсом, адам укугуна мамиле чөлкөмдө көпчүлүк жагынан жүрөктү гана сыздатат. Ниязов өлгөндөн кийин Түркмөнстанда турмуш жакшы жагына оойт деп үмүттүнгөн элек. Тилекке каршы, мындай жышаан азырынча байкалбайт.

- А эң чатак кырдаал кайсыл республикаларда?

- Албетте, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда жагдай өтө опурталдуу. Айрыкча Өзбекстанда жарандарга карата репрессия ырбаган чак. Миңдеген айыпсыз адамдар түрмөдө адилеттик күтүп олтурушат. Бул мамлекетте инсан эркиндигин, басма сөздү такай тебелеп-тепсөө, саясий куугунтук дале күчүндө. Кишилерге зордук-зомбулук кадырэсе көрүнүшкө айланды. А түгүл Өзбекстандын атайын жана чалгындоо органдары өлкөнүн сыртына куулган, же качкын макамын алган мекендештерин да аңдып, жүрөгүнүн үшүн алып жаткан кез. Мындай кырдаал Өзбекстанда гана эмес жалпысынан Борбор Азияда туруктуу стабилдүүлүктүн өкүм сүрүшүнө сөзсүз кедергисин тийгизүүдө, мындан ары анын кесепети чоң болоорун айтып коюуга тийишмин.

- Соңку мезгилде Кыргызстанда да авторитардык режимдин синдрому жыттанууда. Бул Өзбекстандын таасири эмеспи?

- Силерде эле эмес Казакстанда, андан ары Орусияда режим катуулагандай туюлат. Бирок, бул коңшу өлкөнүн түздөн-түз таасири эмес, узак кеп кылчу глобалдуу маселе.

- Жакшы билесиз, 16-декабрда Кыргызстанда партиялык тизме аркылуу парламенттик шайлоо жүрөт. Сиздин коллегаларыңыз анын жыйынтыгы бурмаланат деп тынчсызданышууда. Ушуга кошуласызбы?

- Алдын ала бүтүм жасоо мага жат. Ошентсе да, кабатырланууга негиз бар деп эсептеймин. Андыктан, жалпы элдик көзөмөл, байкоочулардын тыңдыгы гана мындай жоруктарга бөгөт коюусуна терең үмүттөнөм.

- Бизде да Орусиядагыдай административдик ресурс пайдаланылышына кандай карайсыз?

- Айырмасы абдан чоң. Орусия президенти Путин парламенттик шайлоого катышаарын ачык жарыялап, тизменин башында жүрөт. А силердин Ажоңор Бакиев кайсыл саясий күчтөрдү анык колдоорун айта элек. Орто жолдо кошоматчылар анын атын сатып жосунсуз жоруктарды жасап жатышат.

- Айтмакчы, Кыргызстанда шайлоо жыйынтыгы бурмаланса, адилетсиздикке чыдабаган калк кайрадан көтөрүлүп, 2005-жылдагы жоогазын ыңкылабы кайра чыгышы ыктымалбы?

- 2005-жылдагыдай жоогазын ыңкылап болоруна көзүм жетпейт. Ага орчундуу жүйөө да жок. Бирок, дестабилизация кайталанышы толук ыктымал.

- Өзбекстанда, Казакстанда бийликти узурпациялоо жаман өнөкөтөкө айланганын серепчилер жазып жүрүшпөйбү. Кыргызстанга да бул илдет жугушу мүмкүнбү?

- Биз шылтоо издеп көнүп калбадыкпы. Мисалы, Америка, Өзбекстан, Кытай, Орусия таасири деп. Менин оюмча, көп нерсе ички факторлорго байланыштуу. Сырткы күчтөр анчалык деле башкы роль ойнобойт. Кокус бийликти менчиктөөгө жол коюлса, анын себебин кыргыздар өзүнөн издешсин.

- Виталий мырза, маегиңиз үчүн чоң ыракмат.
XS
SM
MD
LG