Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Европадагы эки ишкана Өзбекстандан пахта импорттоодон баш тартты. Алар пахта жыйноо үчүн жаш балдардын күчү эксплуатациялангандыгын белгилешүүдө. Өзбекстандык укук коргоочулар пахта терим учурунда 450 миңге жакын жаш балдар талаада иштегендигин айтып чыгышкан. Ал эми Лондондогу өзбек элчилиги пахта талааларында балдар эмгеги колдонулгандыгын танууда.

Эстониянын Криинхолм текстиль фирмасы пахта талааларында жаш балдардын эмгеги колдонулбагандыгы ачыкталмайынча Өзбекстандан пахта сатып алууну токтоторун 27-ноябрда жарыялады. Криинхолм мындай жыйынтыкка Финляндиялык Маримекко мода тобу алардын кезедемелерин сатып алуудан баш тарткандан кийин келген. Маримекк Криинхолмдон кездеме согуу үчүн колдонулган пахтаны жыйноодо балдардын эмгеги талап кылынбагандыгы тууралуу тастыктама талап кылган. Анткени маалымат каражаттары Криинхолм ишканасынын Өзбекстандагы өнөктөшү жаш балдардын күчүн колдонгон деп жазып чыгышкан эле.

Швециядагы H&M деп аталган мода гиганты да Өзбекстандандын пахтасын колдонот деп айтылат . Бирок H&M дин пресс-катчысы Анна-Карин Бйорна пахтанын кайдан, кантип жыйналганын билүү кыйынчылыкка турарын “Азаттыкка” билдирген:

- H&M пахта сатуучу 700 ишкана менен келишим түзгөн. Жана бардык келишимдерде: H&M балдардын күчү колдонулган продукцияны сатып албайт деп жазылган. Албетте биздин түздөн-түз көзөмөлдөө укугубуз өзүбүздүн тиешелүү чектерге чейин гана жетет. Биз пахта жыйноочу ишканалардын өзү менен байланышыбыз жок. Ошондуктан биз аларга суроо-талап кое албайбыз.

Сентябрь айынын башында болсо Британиялык Континентал клозал фирмасы өзү тигип даярдаган кийим-кечелердин этикеткасына пахта сатылып алынган өлкөлөрдү да белгилей баштаган. Алар муну менен бул буюм Өзбекстанда балдардын күчү менен жыйналган пахтадан даярдалбагандыгына ишендирүүгө аракет жасашат. Аталган компания төрт күндүн ичинде Түркия жана Ирандагы пахта импорттоочу өнөктөштөрүнөн пахта кандай жол менен жыйналгандыгы тууралуу маалымат алгандыгын да жарыялады.

Өзбекстандык жана эл аралык укук коргоо уюмдары 16-ноябрда ачык кат жарыялап, Өзбекстандын пахтасын сатып албоого чакырышкан. Алар пахта терими учурунда Өзбекстанда 450 миңге жакын баланын күчү эксплуатациялангандыгын белгилеп, бул түздөн-түз бийликтин саясаты деп билдиришкен. Алардын белгилөөсү боюнча Европадагы ар бир төртүнчү кийимди тигүүдө өзбек пахтасы колдонулат, бирок мындан бийлик элитасы гана пайда көрөт:

Октябрь айында ВВСнин журналисттери Өзбекстанда мектеп окуучуларынын күчү менен жыйналган пахтадан тигилген кийим-кечелер Британиянын Асда, Маталон жана Барта аттуу ири дүкөндөрүндө сатылып жатканы тууралуу документалдуу фильм даярдашкан эле. Көп өтпөй эле Лондондогу өзбек элчилиги фильмдеги маалыматтарды жокко чыгарып, Өзбекстандын айыл чарбасында жаш балдардын эмгеги колдонулбайт деп билдирип чыккан.

Пахта талааларында балдардын эмгегин колдонуу союздун тушунда Кыргызстанда да болгон. Эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекет тарабынан жаш балдардын күчүн колдонуу токтогон. Укук коргоочу Азиза Абдурасулованын айтуусунда жаш балдардын эмгегин пахта талааларында колдонуу союз мезгилинен калган көрүнүш:

- Биз деле бала чагыбызда кар бир-эки жолу жааганча эле талаада пахта терип жүргөнбүз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан коңшу Өзбекстандан айырмаланат. Анткени ал жакта мамлекеттик монополия жер иштетүүдө. Мамлекет тарабынан атайын буйруктар чыгарылып, мектептер убактылуу жабылып, балдар талаа жумуштарына мамлекеттик деңгээлде тартылат. Бизде болсо жер жеке менчикке өтүп калган. Ошондуктан, бизде да жаш балдар ата-энелери тарабынан талаа иштерине тартылат. Талаа иштеринде эле эмес, базарларда араба түртүп, жүк ташып, чоңдор менен кошо мээнет кылып, акча таап, жанын бакканга мажбур болуп калышты.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG