Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:55

ОШ ШААРЫНЫН ТУРГУНДАРЫ ЭНЕРГЕТИКАЛЫК БЛОКАДАГА КАБЫЛДЫ


Ош шаарында бир жумадан бери электр жарыгы жок. Муну көпчүлүк жашоочулар парламенттик шайлоо алдындагы саботаж катары бааласа, жергиликтүү бийлик «энергетиктер уят кылышты» деп актанууда.

Ош мэринин орун басары Мухиддин Мамасадыков «Кышка даярдык жайында болчу. Энергетиктер уят кылышты. Борбордук электр түйүнү жарылгандыктан, керектүү тетиктерди Бишкектен сураттык, жөнөтүштү, 1-2- күндө жарык болот» деп 26-ноябрда үмүт байлатканына мына үчүнчү күнгө айланды.

- Ошто “Центр” деген 25 меговаттык подстанциябыз бар. Суббота күнү иштен чыккан. Комиссия штабы тактап, себебин тапты. Кудай кааласа Бишкектен алып келсе, трансформатор оңолот, - дейт Мухиддин Мамасадыков.

Аталган шаарга караштуу Бирлешкен айылынын тургуну Темир Жоробеков энергетикалык блокаданы жергиликтүү бийликтин парламенттик шайлоого карата саботаж катары эсептейт. Мунун аркасында коррупциялашкан жетекчилер тургандыгын кошумчалайт.

- Шаардагы электр жарыктардын өчкөнүн саботаж катары караса болот. Түбү өтө тереңде болуп атат. Ушул убака чейин шаарда аракеттин жоктугунда бир элек электриктердин гана күнөөсү эмес. Бардык тармактар коррупцияланышып бүткөн. Электр жарыктын бир жума жок болушу элдин нааразычылыгын пайда кылууда, - деди Темир Жоробеков.

Ал эми Ош шаар Кеңешинин депутаты Давлет Кокочоров турмуштан кыйналган мекендештерине жардам берүүнүн ордуна түркиялык «Себат» фирмасынын электр энергиясына болгон миллиондогон карыздарын шаардын эсебинен төлөттүргөнү үчүн коллегаларын катуу айыптады.

- Ухидин Нурдиновичтин убагына караганда финансылоо 10 эсе жакшы. “Себат” коммерциялык уюм, ушуну бюджеттен төлөттү. Депутаттар макул болуп коюптур, аны мен туура эмес деп эсептейм, - дейт Давлет Кокочоров.

Ош электр тармагы ишканасынын директору Асылбек Артыков шаар жетекчилиги жана тургундары айткан фактыларды четке каккан жок. Болгону аларга калк 286 миллион карыздыгын баса белгилеп, жарык качан жанаарын так айтпай койду.

- Ошол боюнча Кыргызстан улуттук электр тармактарынын Оштогу филиалы иштеп жатат. “Ценртди” ишке киргизсе ошол күнү элге свет бергенге даярбыз. Бишкектен келген запастык бөлүктөрүн азыр коюп атышат, коюп бүтөрүү менен свет беребиз. Бирок качан берилет менин так маалыматым жок. Бүгүнкү күнгө болгон Ош РЭС боюнча абоненттердин карызы 339 млн. сом болуп атат. Анын ичинен 286 миллиону чыныгы элдин карызы, - деди Асылбек Артыков.

Ош шаар Кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Алымбеков 29-октябрда «Азатыкка» берген маегинде Ош электр тармагы ишканасынын жетекчилигин кенебестиги үчүн сындап, мындан ары акыбал ушул тейде уланса, мурдун балта кеспеген аткаминерлерди жоопкерчиликке тартуу керектигин «Азаттыкка» билдирди:

- Жылдын башында кыш келгенге чейин бул даярдыктар болуш керек эле. Шаардын РЭСинин башчысын болбосо дагы, Кыргыз электронун башчыларынын кенебестиги деп ойлойм. Бүгүн ошол боюнча шаардын жетекчилери менен сүйлөштүк, 2-3 күндө свет беребиз деп убадасын берип атат. Ким күнөөлүү болсо жоопко тартылыш керек деп ойлойм, - дейт Дөөлөтбек Алымбеков.

XS
SM
MD
LG