Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:54

ЖАЛАЛАБАТ: СДПКнын ЖЕЛЕГИН КИМДЕР ӨРТТӨГӨН?...


Облус аймагында Социал-демократиялык партиянын шайлоо өнөктүгүнө тоскоолдуктар жасалууда. 28-ноябрда партия Базаркоргон районунда СДПК шайлочулар менен жолугушуу өткөрүү үчүн мурда макулдашылганына карабай, имарат “Ак жол” партиясына берилип калган. Райондун Кеңеш айылындагы шайлоо штабынын көрнөк-жарнактары менен желеги тытылып, анан өрттөлгөн. Партиянын райондогу координатору туунун өрттөлүшүн “Ак жол” партиясынан көрүүдө. Бирок, “Ак жол” партиясынын облустук бөлүмү мындай айыптоону четке какты.

Облуста өкмөтчүл деп саналган Cоциал-демократиялык партиянын үгүт өнөктүктөрүнө да тоскоолдуктар жасалууда. Партиянын Базаркоргон райондук шайлоо штабына буга дейре район борборунан ижара үчүн жай берилбегендиктен аталган уюм штабын Кеңеш айылында ачууга аргасыз болгон. Социал-демократиялык уюмдун райондогу координатору Раимжан Кадыркуловдун билдиргенине караганда шаршемби күнү белгисиз кишилер шайлоо штабына илинген көрнөк-жарнактары менен партиянын туусун тытып, кийин өрттөп ийишкен. Желектин тытылып-өрттөлүшүн координатор Кадыркулов “Ак жол” партиясына жан тарткан адамдардан көрүүдө. Окуя тууралуу ал райондук шайлоо комиссиясына кайрылган, шайлоо комиссиясы өз кезегинде ички иштер бөлүмүнө арызданууну табыштаган:

- Борборук деп эсептелген жайлардын бардыгын “Ак жол” партиясына деген шылтоо менен бербей жатышат. Мен өзүм штаб издеп бир топ жерге бардым, барын эле “Ак жол” ээлеп койгон деген шылтоо менен алалбадык. Акыры Совет айылындагы “Назгүл” кафесин ижарага алып штабыбызды түзгөнбүз. Саясий агымга жараша өзүбүздүн көрнөктөрүбүздү, желектерибизди илгенбиз. Эртең менен барсак алардын барын тытып, өрттөп жиберишиптир. Тургундардын айтымына караганда “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн колунан келген.

Социал-демократиялык партиянын обулустук штабы парламенттик шайлоо бололекте административдик иш-ыкмалар колдонулуп жаткандыгын белгиледи. Аталган айылдагы кеңседе 28-ноябрда шайлоочулар менен жолугушуу үчүн партия күн мурунтан макулдашып кеткендигине карабай, облустук шайлоо штабдын мүчөлөрү барганда имаратта “Ак жол” партиясынын үгүтчүлөрү эл менен жолугушкан маалга туш келип, Cоциал-демократтардын шаршемби күнкү жолугушуусу үзгүлтүккө учураган. Бул тууралу СДПКнын облустук шайлоо штабынын мүчөсү Маматкарим Турганов маалым кылды:

- Биз Базаркоргонго жолугушууга барганда биздин график менен “Ак жолдун” графиги туура келип калганбы, Совет айылындагы борбордук маданият үйүнө барсак, саат он экиге бюджеттик уюмдардын адамдарын толтурушуп, “Ак жол” партиясы жыйын өтүп аткан экен. Ошол себептүү Базаркоргондогу шайлоочулар менен кечээ күнү жолугушалбай калдык.

Бирок, “Ак жол” партиясынын облустагы бөлүмү президент түзгөн уюм мыйзамдуулукту сактай тургандыгына ишендирди. Партиянын облустагы маалымат катчысы Орозалы Карасартовдун жообуна караганда “Акжолчулардын” Социал-демократтардын көрнөктөрү тытылып, желеги өрттөлгөнүнө тиешеси жок. Көп дооматтар “Ак жолдун” беделин түшүрүү үчүн атайылап жасалууда деп айтты маалымат катчы:

- “Акжол” партиясынын облустук, же жергиликтүү штабы тарабынан атайын андай максаттагы иш чаралар жүргүзүлбөйт. Мүмкүн болушунча биз мыйзамдарды сактаганга аракет кылып атабыз жана андай көрсөтмөлөр жогору жактан берилген. Көп дооматтарды коомчулукка жаман көрсөтүү максатында жасап атышат.

Облустук бийлик да шайлоодо коомдук тартиптин сакталышын көздөөдө. Жергиликтүү бийликтин маалымат катчысы Мухамеджан Суранчиев Социал-демократиялык партиянын жолугушуусун болтурбай коюуга укуктуу эмес экендигин билдирди. Ал бийлик шайлоого кийлигишпей административдик ыкмаларды колдобой тургандыгын айтты:

- Партиялар жолугушууну өзүлөрүнүн демилгеси менен уюштурат. Бул жерде бийликтин эч кандай кийилигише турган акысы да, мүмкүнчүлүгү да жок. Мен көп жерде болуп атам, административдик ресурстар колдонула элек.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG