Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

“Эларалык сабырдуулук (толеранттуулук) үчүн” коомдук фонду Баткен облусундагы чек арага жакын айылдарга коңшулаш Тажикстандын атуулдарынын арбын көчүп келе башташын, “жылма миграция” агымынын себеп-натыйжаларын иликтөөгө алган. Социалдык-экономикалык оорчулукка чыдабай жергиликтүү калктын көбү башка жактарга көчүп, алардын көбү кымбатына карап үйлөрүн тажикстандык атуулдарга сатып кетишүүдө. Эки өлкө ортосундагы чек аранын такталбай жатышы “жылма миграциянын” күч алышына алып келүүдө.

Чекарага жакын айылдардагы үйлөрүн коңшу өлкөлөрдөгү атуулдарга сатып, Кыргызстандын түндүгүнө, болбосо Орусия, Казакстанга иштеп кетип жаткандардын саны жылдан-жылга арбып баратканы кыйладан бери козголуп келатат.

«Эларалык сабырдуулук үчүн» коомдук фондунун Баткендеги кеңсесинин башчысы Роберт Абазбековдун ырасташынча, үйүн саткысы келген жергиликтүү тургун айылдаштарына ашып барса 400 $ акчага бааланчу тамын тажикстандык атуулга 4500 $га пулдап ийүүгө кызыкдар. Мыйзам негизинде Кыргызстандагы кыймылсыз мүлктү чет эл жарандарына сатуу мүмкүн эместигин жакшы билген жергиликтүү калк үйүн сатып алган тажикстандык атуулга тилкат берүү менен чектелет.

Лейлек районунун Таштумшук айлында 15, Кара айылында 6, Борбордук айылында 66, Жаштык айылында 6, Максат айылында 108 тажикстандык үй-бүлө жашайт. Аларды өз өлкөсүнө чыгарып ийүү аракетинен азырынча жакшы натыйжа чыга элек.

Кыймылсыз мүлк жана жер ресурстары боюнча Баткендеги борбордун жетекчиси Назырбек Бөрүбаевдин айтуусунда, кыйла жылдардан бери тажикстандык атуулдар Кыргызстан аймагында мыйзамсыз жашап келатышат.

- Квартирант болуп жашап келатышат. Эч кандай документи жок. Катталышкан эмес.

Лейлек районундагы Арка айылынын башчысы Жумабай Мирсангиловдун ырасташынча, тажикстандык атуулдардын чек арадан Кыргызстандын көздөй жылышы эгемендиктин алгачкы жылдарында эле башталган.

- Союз ыдыраганда эле башталган. Айыл өкмөтү түзүлгөндөн кийин 1996-жылы текшерүү жүргүзгөнбүз. Анан ошол 1996-жылы токтолгон. Андан мурда бул көп болгон. Паспорттук режим боюнча текшергенде алардын өздөрү эле 18 үй-бүлө чыгып кетишкен. Бирок алардын алтоо үйдү тажик тургундарына сатып кетишкен. Жана депортация деп айтылбадыбы. Күч менен чыгарылган эмес. Алар өз каалоосу менен эле кетишкен. Алтоо тажик жарандарына сатып кетишкен. Ошону менен азыр Борбордук айылында 66 үй-бүлө мыйзамсыз жашап жатышат.

«Эларалык сабырдуулук үчүн» коомдук фондунун жетекчиси Рая Кадырова проблема элге, бийликте отургандардын текши баарына дайын экенине токтолуп, бирок да эмдигиче «жылма миграцияны» токтотуу амалы жасалбай келатканына таң калганын жашырган жок.

- Биздин бийлик деле жакшы эле билип жатат. Анан эмнегедир эч нерсе чечилбейт. Ошон үчүн мен бул жагдайда кандайдыр бир коррупциялык механизм бар деп ойлоп жатам. Бирөөлөр жагдай ушундай эле болушун жактырып турат деп ойлойм.

1989-жылы Лейлек районунда сугат суунун айынан кыргыз-тажик дыйкандарынын ортосунда жаңжал чыгып, ал аскер күчү менен токтотулган. Сугат суунун жетишпестиги, социалдык маселелердин чечилбегендигинин айынан ошол эле Лейлектеги Максат айылынын жашоочуларынын көбү башка жерлерге көчүп кетишкен.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев кыргыз саясий элитасы бийлик талаш менен көбүрөөк алектенип, өлкөнүн бүтүндүгү, анын акмалап келаткан коркунучка анчалык маани бербей келатышат деген пикирде.

- Бул экономиканын начардыгынан, социалдык саясаттын кемчилдигинен, адамдар өз Мекенинен кетишүүдө. Адамдар өз жеринен чоң коркунуч туулганда гана безип качат.

Ушу тапта Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын 500 чакырымы такталган. Калган чек ара качан такталары белгисиз. Ортодо талаштуу делген биртоп жерлер бар.
XS
SM
MD
LG