Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Темиркан Субанов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү 2242 шайлоо участкасын дээрлик 5 миң милиция кызматкери кайтарууга алат. Андан сырткары курсанттар тартип көзөмөлдөөгө тартылат. «Милиция бардык шартта мыйзамдуулукту сактоого аракет жасайт»,-деп белгиледи Субанов. (AiT)