Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

ГЕРМАНИЯДА НАЦИСТТИК АРХИВ АЧЫЛДЫ


Ушул аптада тарыхчылар үчүн маанилүү окуя болду - Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилиндеги нацисттик Германиянын архивдери aлгачкы жолу коомчулук үчүн ачылды. 60 жылдан ашык мезгилден бери эл аралык атайын кызмат көзөмөлдөп келген дүйнөдөгү эң ири бул архивден эми каалагандар, бардык окумуштуулар пайдалана алышат.

Карөзгөй режимдердин бир өзгөчөлүгү - алар өздөрүнүн курмандыктары тууралуу маалыматты өтө тыкат сакташат. Бул жагынан алганда нацисттер маалыматты өтө кылдаттык менен сакташкан. Алар концлагерлерге жана жумуш лагерлерине жиберилген 17 миллиондон ашык киши менен катар согуш мезгилинде Германиянын аймагында болгон бардык чет элдиктерге файлдарды сактаган.

Экинчи дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин союздаштар бул документтерди бүт чогултуп, Германиянын Бад Аролсен деген чакан шаарына жиберишкен. Бул архивди Кызыл Чырым эл аралык комитети көзөмөлдөчү, андагы маалыматтарды нацизмдин тирүү калган курмандыктары колдоно алчу. Көп жылдардан бери архив аркылуу жарандар дайынсыз жоголгон туушкандарын да издешет.

Бирок башка адамдар, анын ичинде тарыхчылар бул архивге кире алган эмес. Мына эми 28-ноябрдан тартып анын эшиги бардык үчүн ачылды.

Бул 1955-жылы 11 өлкө кол койгон архивдер боюнча келишим өзгөртүлгөндөн кийин мүмкүн болуп отурат.
Архивди тейлеген Эл аралык издөө кызматынын жетекчиси Ирис Мөкердин Азаттыкка билдиришинче бул файлдарды ачыш узак процесс болду.

- Анткени 11 өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган комиссия архивдин пайдалануунун протоколун өзгөртүүгө макул болушу керек эле.

Соңку жылдарда технологиянын арымдашы файлдарды колдонуу дагы жеңилдегенин билдирет:

Азыр эми бизде бул эски документтерди бүт дигиталдык форматка өткөрүүүгө мүмкүнчүлүк бар, - дейт архив өкүлү. Бул документтер өтө көп, аларды алгач сканерден өткөрүш керек. Ошондон кийин көп сандаган адамдар аларды көрө алат. Азырынча, кызыкдар тарыхчылар барса, алар ошол жердеги компьютерде сакталган файлдар менен тааныша алышат.

Азырга чейин файлдардын 70 пайызы сканерден өткөрүлгөн.

Жаңыл Жусубжан, Прага
XS
SM
MD
LG