Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:20

ТҮРКИЯНЫН ТҮНДҮК ИРАККА ЧАБУУЛ ЖАСОО ЫКТЫМАЛЫ АЗАЙЫП БАРАТАТ


Түркиянын куралдуу күчтөрүнө караштуу 100 миң чамалуу аскер өлкөнүн түштүк чыгышында Ирак менен болгон чегара аймактарында сакталып турат. Армия өнүккөн технологиядагы куралдары, тик учарлар жана согуштук учактары менен ПККнын согушчандары бекинүүдө деп шектелген пункттарды жана үңкүрлөрдү аткылап келет. Бирок чилде кыштын кирип келе баштоосу менен армиянын чегаранын аркы жагына Түндүк Ирака басып кирип ал жерде операция жасоо ыктымалы азайып баратат.

Премьер-министр Режеп Т. Эрдогандын өкүмөтү өлкө ПКК жикчилдери менен алпурушуп келаткан 25 жылдан бери эч кандай майнап бербей, тескерисинче проблеманын ого бетер ырбашына шарт түзгөн, ошондой эле бир гана аскердик чараларды алдыңкы планга чыгарган саясаттардын кунарсыз деңгээлинен чыгып, мындан ары дипломатияга орчундуу көнүл буруп, ПККнын жетекчи кадрларынан сырткары, айла жоктуктун айынан бул уюмга кошулуп кеткен күрт жарандарды реабилитациялап, аларды куралдарын таштоого көндүрүү максатын көздөгөн жаңыча стратегияларга артыкчылык бере турганын жар салууда. Өлкөдөгү көптөгөн адистер, анын ичинде бир катар отставкадагы генералдар бүгүнгө чейин жүргүзүлүп келген саясаттардын каталык экенин моюнга алышып, ПКК маселесине, өлкөдө ондогон жылдардан бери көрмөксөнгө салынып келаткан күрт проблемасынын себеби эмес натыйжасы катары караш керек экенин жана бул маселени бир гана аскердик чаралар менен чечүү мүмкүн болбой турганын ашкере билдире башташканы, саясаттагы болуучу алмашуунун алгачкы кабарчылары эле кыязы…

Бул жагдайга сереп салуу менен Turkish Daily News гезитинин башкы редакторунун орунбасары Мустафа Акёл Азаттыка куруп берген маегинде мындай дейт.
“Кийинки аралыкта аскердик чөйрөлөрдө кызуу талкуулар жүрүп жатат… Учурда отставкада болгон, 80- 90- жылдарда Түркиянын армиясын башкарган жогорку даражалуу генералдар өлкөдө ондогон жылдар бою күрттөрдүн эне тилине тыюу салуу менен каталык кетиришкенин, Түркия күрттөрдүн укуктарын кысымга алып келгенин жана проблемалардын көпчүлүгү ушунан келип чыкканын моюнга алып жатышат. Мындайча өзүн өзү ашкере сынга алуучулук илгертеден дегеле мүмкүн эмес болчу. Бирок эми буларды, коом ичинде али да болсо кадыр баркы жогору отставкадагы генералдардан угуп жатабыз. Дүйнөнүн өзгөрүп баратканына жана маселелерди эскиче ыкмалар менен чечүү мүмкүн эместигине бүркүттөрдүн көзү жетип жаткансыйт”.

Адистердин көз карашында пайда болуп калган ушул кырдаалдын чегинде Эрдогандын өкүмөтү, ПКК кризисин жөнгө салууда инициaтиваны аскерлерден өз сыртына алууга мүмкүнчүлүк таба алган. Өкүмөт башчысы ушул жакын арада айткан сөзүндө ПКК жана бул уюмдун Түндүк Ирактагы согуштук түзүлүштөрүнө каршы күрөшүүнүн бардык чөйрөсүн камтыган бир планы бар экенин, бирок ал планды ушу тапта калайык менен тең бөлүшүш мүмкүн болбогонун билдирди. Айрым адистер бул план ПККнын согушчандарына куралдарын таштап саясатка кирүүлөрү же болбосо аларга мунапыс жарыялоо тууралуу сунушту камтыганын болжошкон менен бул тууралуу эмитеден бирдеме айтыш кыйын...Бирок, ачыкталбаганына карабастан андайча бир пландын болгонунун өзү деле оппозицияанын чачын төбөсүнө тике тургузууга жетишти.

Чегаранын аркы жагындагы, Түндүк Ирактагы күрттөр дагы, ПКК проблемасынын чечилүүсүндө алды менен тынчтык жолдорду сынап көрүш керек деген пикирде.

“Мүмкүн Түрктөр Түндүк Ирактагы ПККнын согушчандарына мунапыс жарыялап. Эл аралык коомчулук ПККнын Түркияга кайткысы келбеген жетекчилерине баш паанек беришет. Түндүк Ирактагы жергиликтүү өкүмөт ПККнын бул жердеги базаларын эң оболу тынчтык жолдор менен жабууга тырышат. Эгерде ПКК Анкаранын тынчтык сунуштарын четке какса анда гана күч колдонулушу мүмкүн” деген пикирде Түндүк Ирактагы Барзани башкарган күрттөрдүн жергиликтүү өкүмөтүнүн мурдагы министирлеринен Сами Шореш.

Айтор, ушу тапта фронтто жагдай салыштырмалуу тынч. Бул - бороон болор алдындагы жымжырттыкпы же башкабы, жоромолдоп бир деме айтыш кыйын.
XS
SM
MD
LG