Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:46

ТЕМИР САРИЕВ: “АТА МЕКЕН” ПАРТИЯСЫ ЭЛГЕ ИШЕНЕТ


“Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү аларга жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүгө ар кандай тоскоолдуктар жасалууда. Бул жөнүндө партиянын “Ата Мекен” партиясынын туусу астында шайлоого бараткан мурдакы депутат Темир Сариев “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди.

- Баткен облусундагы Кадамжайда жыйырмага чукул жергиликтүү эл “Ата мекен” партиясынын өкүлү Кайып Айкыновду штабды жаап, райондон чыгып кетүү талабын коюптур. Мындай көрүнүштөр башка аймактарда кездешкен жокпу?

- Бизге кечээ күнү ушундай кабар келди. Бирок биздин партиянын атайын саясий кеңешинин атынан биз билдирүү жасап МККларга бердик. Бул “Ата мекен” партиясына ультиматумдук биринчи жолку кайрылуу, буга чейин болгон эмес. Бирок бийлик шашылыш түрдө шайлоону жарыялаганда бир нерсеге гана ишенишкен, бул административдик күчкө ишенишкен, ал эми “Ата мекен” партиясы элге ишенет. Биз кечээ күнү Ысыккөл районунда жолугушуу кылып, Бостериде 2 миңден ашык киши келди. Андан кийин Караколго келип 3-4 миңдей киши болуп жолугуп атабыз. Элдин маанайы жакшы.

- Темир мырза, ал жакта дагы административдик ресурстар колдонулган жокпу сиздерге каршы. Бөлөк партияларга колдонулду деген маалыматтар бар?

- Колдонуп атат, мисалы Бозтериде, Чолпонатада өткөргөнгө тоскоолдуктар болуп, биз барган жерге светтерди өчүрүп, элдерди чыгарбайбыз деп аракеттерди кылып атат. Бирок элдер ага карабай өздөрү эле куюлуп келип атышат. Биз дагы акимдерге, облустук губернаторлорго катуу эскертип атабыз, эч кандай мыйзамсыз жолго барбасын деп. Биз өзүбүздүн күчүбүзгө, элдин колдоосуна ишенебиз.

- Токтогул районундагы “Ата мекендин” штабына райондук коопсуздук комитетинин башчысынын орунбасары барып, партиялардын мүчөлөрүнүн тизмесин берүүнү талап кылыптыр, же кысым көрсөтүптүрбү аларга?

- Ушундай кысымдар Чүйдө да болуп атат, СНБнын башчылары, райондук прокуратуралардын, РОВДнын жетекчилери келип, бизге иштеп аткан адамдарды иштебегиле, жумуштан кетиребиз деп айдап атат. Эми бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп биз айтып атабыз. Анткени, бийликтин андан башка амалы жок. Бирок бул элдин кыжырдануусуна алып келип атат. Биз көбүнчө азыр эл менен жолугушууга аракет кылып, өзүбүздүн так, ачык позициябызды түшүндүрүп, мыйзамсыз жоруктарга жол бербейбиз деп айтып атабыз.

- Партиялардын коопсуздук маселеси боюнча укук коргоо органдарына кайрылдыңыздарбы?

- Биз кечээ күнү расмий түрдө саясий кеңештин атынан кайрылуу жасадык. Эгерде ушундай эле көрүнүштөр кайталана турган болсо, анда биз дагы өз чараларыбызды көрө баштайбыз. Биз бул жөнүндө бир нече жолу эскерткенбиз. Мисалы үгүт иштери баштала электе Сокулук районунда элдер топтолуп, акимчиликке барып абдан катуу эскертишкен. Мындай эскертүүлөр жер-жерлерде боло баштайт, эгерде бийлик өзүнүн ушундай ыплас ишин токтотпосо.

- Чара көргөндө кандай чара көрөсүздөр?

- Биз бир эле чара көрөбүз - бул элдин колдоосу, кыжырдануусу, талабы боло баштайт.

- Ал эми дагы бир Социал-демократиялык партиясынын желегин, жарнактарын Жалалабат облусунда тытып кетиптир деген маалымат түшүп атат. Ушуга саясий партиялар тилектештик билдирип атасыздарбы?

- Ооба, биз бүгүн “Азаттыктан” угуп атабыз, анткени биз Караколдо жүргөнбүз. 1-2 күндөн кийин Бишкекке келгенде пресс-конференция берип, булар боюнча абдан катуу принципиалдуу позициябызды айтабыз. Бийлик бир нерсени түшүнүш керек, шайлоонун шайтан оюнунан абдан чоң чатактар чыгып кетиши мүмкүн. Бакиев 2005-жылы март айындагы болгон шайлоону эсинен чыгарбашы керек, анда ал өзү күбөө болгон. Биз атайын ал кишинин сүйлөгөнү боюнча видео тасмаларын даярдап койдук, ошондо бийликке кандай наалат, нааразычылык кылып сүйлөгөндөрү бардыгы жазылган видео тасмада. Ошонун кесепети эмне болгонун ал киши өзү билет, анткени жүрүштөрдүн башында турган. Ошондой эле азыр дагы шайлоонун шайтан оюндарынан чыр-чатак чыгып кетиши толук мүмкүн деп биз гана эмес, эл өзү айтып атат. Анткени административдик ресурсту колдонбош керек, бийлик калыс болуп туруш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG