Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:56

УЛУНЯН: КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАГДАЙ ОРУСИЯДАГЫГА КАРАГАНДА ЭРКИНИРЭЭК


Орусиянын президенти Владимир Путин кечээ «Бирдиктүү Орусия» партиясынан талапкер катары сыналгыдан чыгып сүйлөдү. Ал жерде шайлоочуларга кайрылуу жасап, өзү тизмесин жетектеген партия үчүн добуш бергиле деп үндөдү. Кечээ түштөн кийин Москвада Бириккен атуулдук фронттун лидери беш күндүк камактан бошотулду. Ошого байланыштуу ГУВД имаратынын алдында бир кишиден турган пикет өттү. Милиция «Маакул эместер» жүрүшү өткөндөн тарта, беш күн бою акцияга чыккандарды кармоодо.

Орусияда калыптана баштаган оппозиция алсыз экенине карабай бийликтин ага кысымы катуу болуп атышын анализчилер айран-азыр калуу менен кабылдашууда. Талдоочулар он беш жыл мурда Ельцин «базардык реформа» үчүн күрөшсө, бүгүн Путиндин «туруктуулук» үчүн күрөшү өлкөнү кедеринен кетирчү көрүнүш деп айтышууда.

Путин «Бирдиктүү Орусия» партиясынын пайдасы үчүн кызматтык беделин пайдаланып атат, ошону менен ал шайлоо туурасында мыйзамды бузуп атат деп либералдар ага айып тагышууда.

Бейшемби күнү президент Путин талапкер катары мамлекеттик сыналгы-үналгылар алдында сөз сүйлөп, калкты «Бирдиктүү Орусия» үчүн добуш берүүгө үндөдү:

«Экинчи декабрде шайлоого келүү керек жана «Бирдиктүү Орусия» үчүн добуш берүү керек», - деди. Андан аркы кебинде бул жолку шайлоонун жыйынтыгы «Орусиянын жаңы президентин шайлоого таяныч болорун» белгиледи.

Бүгүнкү күндө Орусияда оппозиция болуп, азыркы бийликке ниети ак СПС менен Яблоко партиялары, улутчул – «Улуу Орусия» партиясы, эч кандай топко кошулбаган – Бириккен атуулдук фронту, Михаил Касьяновдун партиясы, Эдуард Лимоновдун жаатташтары эсептелишет. Бирок алардын баары сай-сайлап жүргөндүктөн Кремлдин учурда түзгөн шартына тоскоол боло албашууда. Аларды мамлекеттик маалымат каражаттарынан каңтарылганынан да ич ара биримдигинин жоктугу болууда. Уйдун бөйрөгүндөй онго бөлүнгөн ал топторду бир жакадан баш бир этектен аяк чыгарар киши Михаил Ходорковский болор эле дешет.

Шайлоонун түйшүгүн баштарынан өткөрүп аткан Кыргызстан, Орусия жана Грузия мамлекеттериндеги ички абалга пикир айтыуусун өтүнүп «Азаттык» орусиялык окумуштуу Артем Улунянга кайрылып мындайча жооп алды:

«Мен бул жагдайларды эки топко бөлүп караар элем. Биринчиси – Грузиялык жагдай. Ал өлкөдө президентти гана шайлоо өтөт. Ошол себептен Саакашвилиге президенттик орунду ээлеп туруп ага катышууга укук жок. Антүүгө ал өлкө Баш мыйзамы тыюу салат.

Кыргызстан менен Орусияга келсек, алардын кыйла окшош жагы бар. Биринчиден, аларда мамлекет башчылар бирден гана партияны колдоого алышууда. Кыргызстанда чындыгында андай партияны өлкөнүн жетекчиси өзү уюштурду. Орусияда болсо президенттин админстрациясы көргөзүүсүнөн улам уюшулуп атат.

Ошондуктан жагдай эки түрдүү: Грузиялык жана Кыргызстандык-Орусиялык. Бирок кыргыз-орустук түрдүн ичинде да айырма бар. Кыргызстанда өткөнү жаткан парламентти (Жогорку Кеңешти – ММ) шайлоого он чакты партиялар катышып атат. Алардын арасында жаңжал деле кыйла, бирок ошого карабай аны ачык дешке болот. Орусияда абал такыр башкача, бир партиянын атын чыгаруу үчүн бийлик ага абдан күчтүү колдоо көргөзүп атат. Мунун өзү, эки өлкөнүн ичиндеги саясий жагдай бири-бирине барабар эместигине карабай, Кыргызстангы жагдайды Орусияга караганда кыйла эркинирээк деп айтууга болот дедирет».

Кошумчалай кетчү кеп: кечээ Маскөөдө беш күнгө кармалып, камакта жаткан Гарри Каспаров чыкты. Бирок кечээ Питерде президенттикке талапкер боломун деп оозанган атактуу диссидент Владимир Буковский кармалды.
XS
SM
MD
LG