Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

ОРУСИЯ КАДЫРЕСЕ КУРАЛДАНУУ БОЮНЧА ЕВРОПАЛЫК КЕЛИШИМ АЛКАГЫНАН ЧЫКТЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Президент Владимир Путин бүгүн 30-ноябрда (ДОВСЕ) Кадыресе куралдануу боюнча европалык келишимден Москванын чыгуусу туурасында мыйзамга кол койду. Ушул ай ичинде ал мыйзамды элден мурда Мамдума, андан соң Федералдык Совет кабыл алышкан. Келишимден чыгуу 12-декабрден тартып чындап күчүнө кирет. Москва мындай кадам жасоого 1999-жылы оңдолуп кабыл алынган келишимди эмдигиче НАТОго мүчө өлкөлөр ратификациядан өткөрбөгөндүгү, ошондой эле алардын Приднестровьеден орусиялык аскерлерди чыгарып кетүүсүн талап кылышы түрткү болду деп айткан.

Кадыресе куралдануу боюнча Европалык келишим (орусча кыскартылып жазылышы ДОВСЕ) 1990-жылы Парижде өткөн жыйын учурунда түзүлгөн жана ага 22 мамлекеттин жетекчилери колдорун коюшкан. Келишим арибине ылайык кадыресе куралдар: танктар, брону бар согуштук машинелер, артиллериялык системалар, согуштук учактар жана тик учмалар, ошондой эле аскердин саны НАТО менен Варшава Келишимине кирген өлкөлөр ортосунда теңтайлаш кыскартылышы керек экен. Ал документ таасири астында 700 миңдей аскер, 60 миңдей согуштук техника кыскартылганы дайын болууда.

Бирок 1999-жылы ноябрде Орусиянын кабатыр болушунан улам Стамбулда келишимге оңдоо киргизүү болгон. Ошол арипти кабылдоо Беларус, Казакстан жана Орусия тараптан ишке ашып, калган мамлекеттердин аны создуктуруусу болгон.

Орусиялык саясий анализчилер президент Путиндин келишим алкагынан чыгамын дей башташы АКШнын батыш Европага абадан болуучу чабуулга каршы система куруу кебин баштагандан тартып пайда болду дешет. Батыштын куралдуу күчтөрүнүн өркүндөп атышы Орусияны кабатыр кыла тургандыгын Владимир Путин айтат.

«Ага дал келер жолдорунун бири - Орусия федерациясынын кадыресе куралдануу боюнча Европалык келишимден чыгуусу болду»,-деп билдирген Путин.

Бирок мыйзамдын шайлоо күндөрү кабыл алынып атышында өзгөчө шаани жатканын анализчилер белгилешет. «Бирдиктүү Орусия» партиясынын тегирменине суу куючу бул кадам баарыдан мурда орусиялык улутчулдар арасына сүрөөн таштоо болду дешет.

«Бул жолу улутчулдук көз караштагы атуулдар добуштарын «Бирдиктүү Орусия» менен КПРФга беришет» - дейт Борбордук Азия боюнча талдоочу Артур Улунян.

Улутчулдар катары шайлоого келүүчүлөрдүн бери дегенде 10 пайызына чукул экенин да ошол талдоочу айтат.
XS
SM
MD
LG