Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

БИШКЕКТЕ ЭМИ ЖЫЙЫН МАСЕЛЕСИ КЫЙЫН…


30-ноябрда Бишкек шаар кеңеши көчө жыйын, пикет, нааразылык билдирүүлөрдү өткөрүүнүн тартибин бекитти. Ага ылайык башкалаадагы нааразылык иш-чаралары Жогорку Кеңеш имаратынын алдындагы аянтта, А.М.Горький эстелигинин жанында, ошондой эле Жаш Гвардия Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Жаштык” шаар багында өтүшү керек. Мындан 7 жыл илгери Бишкек шаар кеңешинин нааразылык билдирүү аракетин чектөө тууралуу чечими 2004-жылы Конституциялык сот тарабынан жокко чыгарылган.

Бишкек шаар кеңешинин көчө жыйын, пикет, нааразылык билдирүүнүн эреже, жол-жобосун бекитүү тууралуу чечимин бир катар бейөкмөт уюмдар адам укугун чектөө, Башмыйзамды одоно бузуу катары сыпаттап, башкалаа башчылыгынын имаратынын алдында пикет өткөрүштү.

Президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун шаар кеңеш депутаттарынын чечимин Кыргызстандын эларалык аброюна шек келтире турган аракет катары баалады.

- Бул чечимди демократиядан артка кеткен чечим деп ойлойм. Мына 17 – 18 жылдан бери биз пикет, жыйын, жөө жүрүштөр эркин болсун деп аракеттерди көрүп келатабыз. Камалдык, сабалдык, уурдалдык, жоголдук дегендей… Бирок бүгүнкү шаар кеңештин чечими демократиядан артка кеткендик болуп эсептелет.

«Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова адам укугун апачык бузган Бишкек шаар кеңешинин чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрыла тургандыктарын маалымдады.

- Бул чечимди Конституциялык сотко берип караштырабыз. Биз бул чечимге каршыбыз. Себеби ал адам укугун бузуп жатат.

Бирок да шаар кеңеши сүрмөтоп жыйындарды, нааразылык билдирүүлөрдү белгиленген бир жерде өткөрүү жөнүндөгү чечимин 2005-жылдын 24-мартында аянтка чогулган көпчүлүктөн ыдык көргөн депутат Абдыгул Чотбаев колдой турганын билдирди.

- Бул жерде мен өзүмдү ойлобой, элди ойлоп жатам. №7-Тоголок Молдо округунун элинин оюн угам. Шайлоочулар: « Абдыгул Чотбаев мырза, биз бул жерде жашаган жөнөкөй эл саясатка киришпейбиз. Бизге жөнөкөй тынч жашоо беришсин», дешет. Көчө жыйынга катышкандар кимдер? Жумуш жок, бүт Кыргызстандан келген, башка аймактардан келген кишилер катышып жатпайбы. Катышканда да жөн катышпай, акчага сатылып катышып жатышпайбы.

Башкалаа депутаттарынын Конституциялык сот тарабынан жараксызга чыккан 2000-жылкы чечиминде көчө жыйын, пикеттерди өткөрүүгө пролетар жазуучу Алексей Максимович Горький эстелигинин жанындагы аянт ылайык деп табылган. Шаар кеңеш депутаты Камчыбек Узакбаев бул ирет үч жерге нааразылык жыйындарын, пикеттерди өткөрүүгө уруксат берилишин демократиянын жеңиши катары мүнөздөдү.

- Бул демократиялык чекте мурунку каралып жаткан маселелерден өйдө болуп атат. Жакшы багытта чечилип жатат деп эсептейм.

Бишкек шаар башчысы Д.Үсөнов демократиялык салт-санаасы жогору, байманалуу Европа өлкөлөрүндө деле көпчүлүк катышчу нааразылык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби белгиленгенин айтып, депутаттардан жаңы эрежени кабыл алууну өтүндү.

Бирок да шаар кеңештин адам укугун чектеген чечимди кабыл алууга ыктап калганына нааразы экендигин жашырбаган депутат Нуржамал Байболова эч кимдин адам укугун чектеген мыйзам, эреже-жоболорду кабыл алууга акысы жок экендигин айтып, жыйындан чыгып кетти.

- Конституциялык нормаларды чектөө, кыскартуу амалында кайсы бир мыйзамды, конституциялык мыйзамды өзгөртүүгө болбойт,- деп айтты депутат Н.Байболова.

Жыйын соңунда Д.Үсөнов сунуш кылынган эреже-тартипти шаар кеңеш депутаттары бир добуштан колдогонун маалымдады.

- Бизге бирөө өйдө жактан демилге кылып чыккан эмес. Биз өзүбүз көтөрдүк. Өзүбүздүн шаарыбызда тартип орнотойлу деп чечтик. Ошол сунушту депутаттар колдошту. Эмнеси жаман?- дейт шаар башчы.

XS
SM
MD
LG