Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

ОРУСИЯ: ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ОҢОЙ ЭЛЕ БУРМАЛАНАТ


Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) байкоочулары Орусияда ушул жекшембиде өтө турган парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүүдөн баш тартышты. Уюмдун билдиришинче, орус өкмөтү ЕККУнун байкоо жүргүзүшүнө бөгөт коюу аракетинен жаза элек. Орусиянын тарыхында буга чейин бурмалоолор болуп келгени маалым. Аналитиктер бул жолку добуш берүү да бурмалоосуз өтпөйт деген ишенимде.

Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясы жекшембидеги шайлоону өлкөнүн Шайлоо кодексинин негизинде өтөт деп ишендирди. Анткен менен добуш берүү учурунда партиялык тизмесин президент Владимир Путин жетектеген “Бирдиктүү Орусия” утуп чыгышы үчүн жыйынтыктарды бурмалоолор болот деген божомолдор айтылууда.

Москвадагы “Карнеги” Корунун шайлоолор боюнча аналитиги Николай Петровдун айтымында, шайлоодо көз боемочулуктар болушуна бир негизги себеп бар: Шайлоо жыйынтыгы Путиндин популярдуулугу боюнча референдумга ишеним бериши керек.

- Андыктан ал өзү мүмкүн болушунча көбүрөөк добуш топтоп калганга кызыкдар. Ошон үчүн алар жалпы добуштардын ичинде “Бирдиктүү Орусияга” көбүрөөк бөлүгү тийип эле тим болбостон, добуш берүүгө мүмкүн болушунча көп адам келишин камсыз кылышы керек, - деди Петров.

Орусияда шайлоочулардын активдүүлүгүн кантип камсыз кылганга болот?

Москвадагы “Саясий маалымат борборунун” директору Алексей Мухиндин айтымында, добуш берүүгө укуктуу жарандардын тизмесин апыртып чыгаруу менен кылса болот. Башкача айтканда, Николай Гоголдун “Өлүк жандар” деген чыгармасындагыдай эле болот: Качан эле көзү өткөн адамдарды да тизмеге кошуп салышы мүмкүн. Буга чейинки шайлоолордо бул ыкманын колдонулганы бир топ эле шерменде болгудай окуяларга алып келген.

- Түндүк Кавказдагы айрым республикаларда добуш берүүчүлөрдүн саны 102% чыгып кеткен. Ошондуктан, кийин баардык протоколдорду кайра карап, аларды эсептеп чыкканга туура келген. Иши кылып, кээде ушундай таң калаарлык окуялар болгон.

Проблемалардын дагы бири – президент өзү дайындаган регионалдык губернаторлор (Орусияда губернаторлорду президент дайындайт), эми шайлоо учурунда өздөрүн президентке милдеттүүдөй сезип, колдон келишинче бийлик партиясына көбүрөөк добуш топтогонго аракет кылышат.

Бул тууралуу Эларалык “Мурас” Корунун Москвадагы бөлүмүнүн башчысы Евгений Волк айтты.

- Кремль жер-жерлердеги губернаторлорго кайсыл жерде “Бирдиктүү Орусияга” канча добуш топтолушу зарыл экендиги туралуу буйрук бергени деле жашыруун эмес. Андыктан саясий келечеги өзүнүн регионунда канча адам ал партияга добуш берээрине жараша болгон губернаторлор билегин түрө “Бирдиктүү Орусияга” добуш топтой башташат, - дейт Евгений Волк.

Бул жолку шайлоодо өлкө боюнча жалпысынан 100 000 дей шайлоо участкасы иштейт деп айтылды. Аларда да жыйынтыктарды бурмалоого кеңири жол берилет окшойт. Анткени көптөгөн участкалар, Петровдун айтымында, алыскы, эларалык байкоочулар бара албай турган райондордо жайгашкан. Анын үстүнө, өздөрү бекеттерге келип, добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок шайлоочуларга шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү өздөрү барып, добуш бердирип келишет. Алардын да жыйынтыгы өтө көп суроолорду жаратат. “Буга 2003-жылкы окуялар күбө”, - дейт Николай Петров.

Аскерий базаларды алсак, мисалы, Орусиядагы “Энелер Комитети” деген уюмдун айтымында, орус армиясында азыр добуш берүүгө укугу бар 600 миң жаран жүрөт. Белгилүү аскерий аналитик Павел Фелгенгауэрдин айтымында, армияда айтылуу “добуш берүүчү жабык бекеттер” иштейт. Ал жакта дал ушул бийликтин партиясына добуш бердириш үчүн күчтүү басым жасалат. Анын үстүнө бир да аскер шайлоого барбайм деп да айта албайт экен. Ошон үчүнбү, айтор, аскер бөлүктөрүндө дайыма шайлоого катышкандардын саны 100% деп айтылып келет.

“Шайлоо бюллетендериндеги жыйынтыктарды бурмалоонун дагы бир жолу – экинчи протоколду ачуу, - дейт Фелгенгауэр. Бул дегени, эгерде добуш берүүчүүлөр “туура эмес партияга” добушун берип койгон болсо, эларалык байкоочулар шайлоо чөлкөмдөрүнөн кетишкенден кийин, биринчи протоколду айрып салып эле, экинчисин ача коюшат. Мындай окуялар бир эле армияда эмес, бүт эле жерде боло берет дешет.

Бул өңдүү добуштарды бурмалоо көрүнүштөрү Грузиянын Абхазия регионунда, Түштүк Осетияда, Молдованын Приднестровьесинде болушу айкын. Анткени бул региондор орус өкмөтүнөн чоң каржылык колдоо алып турушат, орус паспортун көтөрүп жүргөндөр көп.

Иши кылып, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоого көп эле жагдайлар бар экенин айтып жатышат.

Ушул жекшембиде өтө турган шайлоодо болгону 280 эларалык байкоочу добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салышаары айтылды. Бул – Орусиянын Борбордук Шайлоо комиссиясы тараткан маалымат. Салыштыра кетсек, акыркы жолку шайлоолордо өлкө президентин тандаган. Ал 2004-жылдын мартында өттү эле. Анда 800 байкоочу катталган эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG