Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

ВЕНЕСУЕЛАДА ТҮБӨЛҮК ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА АЛТЫ СААТТЫК ЖУМУШ КҮНҮ БОЛОБУ?


Венесуэланын эли жакын арада түбөлүк президентке жана 6 саатык жумуш күнүнө ээ болo алат. Бул үчүн ушул жекшембиде өтө турган референдумда латын америкалык бул өлкөнүн шайлоочулары президент Хуго Чавездин конституцияга 70 чакты өзгөртүүсүн жактырышы зарыл. Латын америкалык "социализмдин" тиреги болгон Чавезге эл арасында колдоо күчтүү, нааразылар да аз эмес.

Жекшембидеги референдум Хуго Чавездин 8 жылдан берки бийлигинин туу чокусу болуп калмакчы. Президенттин ишениминде, бул күнү Венесуэланын эли өлкөнү "нагыз социализмдин" жолуна салат жана экономикада үстөмдүгүн сактап келаткан эски эзүүчү тап биротоло четтетилет.

Ушул максатта Чавез шайлоочуларды конституцияга 69 өзгөртүүнү колдоп берүүгө чакырууда. Тизмеде бир топ олуттуу өзгөртүүлөр бар.

Анын ичинде, президенттин кызмат мөөнөтүн чектөө күчүнөн кетирилсе, Хуго Чавез өмүрүнүн аягына чейин бийликте кала алат. Ошондой эле шайланма бийлик өкүлдөрүн президент беките турган болот, "чукул абал мезгилинде" өкмөт маалымат каражаттарын көзөмөлдөй алат жана ага борбордук банкты өз колуна алып, жеке менчикти конфискациялоого укук берилет.

Мындай чектөөлөрдү компенсациялоо үчүн Чавез жумушчу таптын абалын жакшыртууга, анын ичинде жумуш күнүн азыркы 8 сааттан 6 саатка кыскартууга убада берүүдө.

Жакындагы көз карандысыз сурамжылоо Чавезге колдоо калк арасында ага каршыккандар менене теңме тең экендигин көрсөткөн. Кийинки кездери анын өз бийлигин күчөтүү аракеттерине нааразылык күч алды. Ушул аптада 100 миңдей демонстрант Каракастын көчөлөрүнө чыгып, референдумда "жок" деп добуш берүүгө чакырышты.

Аларды полиция көздөн жаш чыгаруучу газ менен каршы алды.

Бирок оппозицияда биримдик жок. Ошол эле мезгилде, президентке каршыккандардын арасында катардагы жарандардын да саны өсүүдө. Бул тууралуу Америкалар аралык диалог борборунун жетекчиси Майкл Шифтер мындай дейт:

Оппозиция өтө чачыранды, бир-бири менен алакасы жок, ошондуктан Венесуэлада бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ынтымактуу оппозицияга көп бар деп ойлойм. Ошол эле мезгилде эски бийлик табына кирбегендердин арасында да нааразылар үн чыгара башташты. Менимче, бул Чавездин жашоосун өтө татаалдантып жатат.

Референдумга каршы демонстрацияларда студент активисттер чоң рол ойноп жатышат. Өлкөдөгү эң бир таасирлүү институттардын бири саналган Католик чиркөөсү да акыркы кездери Чавезге ачык эле каяша айта баштады. Шайлоочуларга жолдогон ачык катында чиркөө аларды "сунуш этилген өзгөрүүлөр бийликтин президенттин колунда топтолушуна басым жасай" тургандыгын эскертти.

Чавез өз кезегинде катуу туруп жатат. Ушул айдын башындагы сөзүндө ал оппозиция лидерлерин сынга алып, айрыкча студенттерди Венесуэланын кызыкчылыгын колдобогон "эрке балдар" деп мүнөздөгөн:

Биз байлардын бул эрке балдарынын Каракастын көчөлөрүндө чаң салышына жол бере албайбыз. Ошол себептен революциячыл өкмөт элди коргош үчүн кызмат кылат.

Чавездин референдумуна бүт дүйнөдө, айрыкча Кошмо Штаттарында чоң ынтаа менен байкоо салышмакчы.

Венесуэла мунай экспорттоодо дүйнөдө бешинчи орунда турат. Кубанын бийликтерине ымалаш, Иранга ат тезегин кургатпай каттап турган Хуго Чавез ошондой эле Латын Америкасындагы Америка Кошмо Штаттарынын башкы атаандаштырынын бири болуп саналат.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG