Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

15:10 Кочкордо “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрүн милиция кармап кое берди


Аймактагы партия мүчөлөрүнүн “Азаттыкка” маалымдашынча бүгүн атамекенчилер жыйын курушкан. Жыйындан соң Кочкордун акими милиция менен келип партиянын эн белгиси түшүрүлгөн кийим кийип, желегин көтөрүп жүргөн үч баланы алып кетип, бир аздан соң кое берилген. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Каныбек Чолпонбаевдин айтымында райондогу маданият үйүнүн алдына чогулган эки жүз-эки жүз элүүдөй адамдын арасында мектеп окуучулары да болгон. Милиция алардын ичинен бойлору кичирээк эки баланы кармап кеткени ырас. Аларды суракка алып, 18-19-жашта экени бирок эмдигиче паспорту жок жүргөндүгү аныкталгандан кийин кое беришкен. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG