Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:22

17:16 СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү Ысыккөлдүн жаштар арасында кеңири белгиленди


Каракол шаарындагы “Толкун” маданий комплексинде өткөн “СПИДди токтотуу” акциясын шаар башчылыгы менен “Медер” деген жеке менчик клиника уюштурду. Облустагы ВИЧ илдетине чалдыккан ондой кишини акысыз дарылоо жүрүп атканын жана ишеним телефону орнотулганын клиниканын башчысы Айгүл Самудинова белгиледи. Бул акцияга демилге болгон Ысыккөл мамлекеттик университетинин “Жалын” театры “Жалгыздыктын тозогу” аттуу спектаклин тартуулады. СПИДдин алдын алуу боюнча учурда Ысыккөлдө 3 миңден ашуун жаштар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атат. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG