Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

ПУТИН ЖАШТАРДЫ САЯСИЙ КУРАЛ КАТАРЫ КОЛДОНУП ЖАТАБЫ?


Орусияда Кремлди колдогон жаштар кыймылы парламенттик шайлоо алдында оппозицияга көчөлөрдө минтингдерди өткөрүүгө тоскоол болушууда. Кыймыл орус жергесинде түстүү ыңкылапты болтурбоо максатын көздөй тургандыгын билдирди. Адистер орус бийлиги жаштарды өз максатында, саясий курал катары колдонуп жатат деп коңгуроо кагышууда.

Бийликчил “Наши” жаштар кыймылы орус элин ушул жекшемби күнү боло турган парламенттик шайлоого активдүү катышууга үндөгөн баракчаларды даярдоодо. Оппозицияга Орусияда түстүү ыңкылап жасоого жол бербөөгө чакырган баракчалар, кабарларга ылайык, шайлоо күнү таратылат. “Президент жана анын партиясы башкалардан олуттуу ажырым менен алдыда”, “Алар беш жыл мурун Чеченстандагы террорчуларды жок кылып, Орусиянын карызын төлөп, өлкөнүн аброюн калыбына келтирди. Жеңиш алардыкы” деп айтылат баракчаларда. Дагы башка баракчаларда орус оппозиция лидерлерин мыскылдаган сүрөттөр, ал эми анын алдында болсо, “Америкалык Гарри Каспаров, чыккынчы Борис Немцов жана фашист Эдуард Лимонов” деген жазуулар бар. Мындан сырткары баракчаларда “Оппозиция аянтты жана имараттарды ээлеп, өлкөдө башаламандыкты уюштуруп, биздин жеңишибизди тепселөө максатын көздөп жатат” деген эскертүү бар.

“Эркин муун” либерал жаштар альянсынын теңтөрагасы Мирсулжан Намазалиевдин пикиринде, бийлик жаштарды ар убакта саясий курал катары колдонуп келген:

Советтер союзунда дагы, азыркы Орусияда дагы жаштарды абдан эле колдонуп, аларды өздөрүнүн нугуна буруп келишкен. Ошол эле “Идущие вместе” жана “Наши” аттуу кыймылдар Путиндин АКШга, Батыш өлкөлөрүнө же оппозицияга каршы кыймыл-аракеттерин колдоп келген. Ошон үчүн алар акчалай камсыздалып же башка бир колдоого ээ болушат. Азыркы учурда орус бийлиги өз жаштарын саясий курал катары колдонуп жатат.

Учурда абакта жаткан “Юкос” компаниясынын башчысы Михаил Ходорковскийдин жардамчысы жана интернет түйүнүндөгү белгилүү блогдун автору Роберт Амстердам биринчилерден болуп “Наши” кыймылы даярдап жаткан баракчалар туурасында жазып чыкты. “Бул баракчалар шайлоонун расмий жыйынтыктары жарыялана элек жатып,-деп жазат Амстердам өзүнүн блогунда, Путиндин тарапкерлерин көчөгө азыртадан эле чыгып, шайлоодогу жеңишти майрамдоого үгүттөдө”.

Алгач орус сайттарында бул баракчалар Путин жана “Наши” кыймылына каршы саботаж деген маалымат тараган болчу. Бирок newsru.com сайтында “Наши” кыймылынын басма сөз катчысы Кристина Потупчик чын эле мындай баракчалар аталган кыймыл тарабынан даярдалганын тастыктады.

Жекшемби күнү боло турган шайлоодо бийликчил “Бирдиктүү Орусия” партиясы шайлоочулардын эң көп добушун алат деп күтүлүүдө. Аналитиктер алдыдагы шайлоодо административдик ресурс болуп көрбөгөндөй колдонулат деп болжошууда. Буга чейинки шайлоолордун бардыгына өз байкоочуларын жиберип келген ЕККУ, бул ирээт Орусияга өз байкоочуларын жибере албай калгандыгын билдирди. ЕККУнун баш кеңсеси тараткан билдирүүгө ылайык, орус бийлиги уюмдун байкоочуларына виза берүүдөн баш тарткан.

21-ноябрда “Бирдиктүү Орусия” партиясынын тарапкерлери менен жолугушуу учурунда президент Владимир Путин оппозиция өкүлдөрүн батышчыл чөөлөр деп сыпаттаган эле. Путиндин айтымында, алар чет өлкөдө жүрүп Орусияны алсыратуу аракетин көрүп жатышат.

XS
SM
MD
LG