Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:53

Орусияда бүгүн Мамлекеттик Думаны шайлоо өтчү күндүн алдынкы - «тунжуроо күнү». Анализчилер баамында, чындыгында, бул шайлоо Владимир Путин тизмесин жетектеген «Бирдиктүү Орусия» партиясынын шайлоосу катары өтөт.Ошол себептен бул жолу ар кыл партиялар ортосунда таймаш болбой эле бир саясатчыны - Путин мырзаны – «улуттук лидерди» тандоо болгону атат дешет. Ошону менен өлкөдө көп партиялуулук системасына кыйла чек коюла тургандыгын кеп кылышат.

Орусияда азыр алдыдагы беш жылга кайсы партиядан Мамдумага арбын депутат шайланарын ким болбосун алдын ала айта алат. Ал болжол туура болуп чыкса анда оппозиция жааты толугу менен чийиндин тышында калат. Ошондон улам чукулку келечек «Бирдиктүү Орусия» партиясы менен «Путиндин планына» таандык болуучудай дешет.

Мындай кепти чет элдик байкоочулар айтышат жана алар: «90-жылдары Орусия бара турган эки жолду көрдүк эле, анын бири мурдагы советтик доорго кайтып кетүү, экинчиси – батыштык демократияга барып кошулуу болду эле», - дешет.

Быйыл болсо чет элдик байкоочулар саны кескин азайды. Демейде ЕККУ алдындагы адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бүйрөсүнөн 450 байкоочу чакырылып келсе, бул жолу Маскөө ал уюмдан 70 гана киши чакырган. Ошондуктан Орусиядай жери кең мамлекет үчүн шаасы жетпешин көрүп, ага кошумча чакыруу кагазын алышканы менен аларга виза бербей создуктура бергендиктен АУДИБ келе алышпай тургандыгын 16-ноябрде орусиялык БШКга билдирген.

Өлкөнүн ичинде абалга келсек президент баштаган «Бирдиктүү Орусия» менен Мамдумадан орун талашар күч жангыз - коммунисттердин партиясы болууда. Ошого карабай Путин 28-ноябрда мамлекеттик сыналгылар аркылуу айткан үгүт кебинде шайлоонун өтүшүнөн кабатыр экенин билдирди:

«Ойлобогула, бай болгурлар, баары алдын ала небак чечилип калыптыр деп ойлобогула. Биздин буга дейре өнүүгүүбүз, алган ылдамдыгыбыз, биздин кыймылдын ийгиликке карай алган материалдык чоңдугу өзүнөн өзү эле сакталып калат дегенден ары болгула. Бул татуу кыял - коркунучтуу. Биздин өжөрлөнүп күрөшүп атып жетишкен мээнеттин баары - бир гана, баарыбыздын бирдикте ийги жана атуулдук жоопкерчилик менен бараткан жолубуздан чыкпоодон улам сакталат».

Чет элдик байкоочулар демейдегидей эсепте болбосо да келишкен. Европалык парламенттер Кеңешинин жыйынынан (ПАСЕ) ар кыл мамлекет, ар башка партиялардан түзүлгөн 55 кишиден турган делегация келди. Кечээ өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуров менен болгон жолугушуу үстүндө, маселен, Европалык парламенттер Кеңеши жыйынын өкүлү Анн-Мари Лизен мындай деген:

«Биз «Бирдиктүү Орусия» партиясы үчүн жасалган аябагандай көп үгүт туурасында кеп курабыз. Бир партия үчүн мынчалык көп үгүт жүргүзүүгө бизде, маселен, мыйзам ариби менен тыюу салынмак. Бирок бул жерде ал андай эместей».
XS
SM
MD
LG