Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

БИЙЛИКТИ СЫНДАГАН АЯЛ КУУГУНТУКТАН КАЧЫП ЖАШЫРЫНЫП ЖҮРӨТ

  • Ырысбай Абдыраимов

Бийликти сындап келаткан Жалалабат шаарынын тургуну Урунса Турдиева 17-ноябрдан бери кайрадан изин жашырып жүрүүгө аргасыз болууда. Ал муну артынан түшкөн куугунтук жана оппозициядагы адамдарды колдогондугу менен байланыштырып, өзүн камоо үчүн бийликтен жана күч уюмдарынан буйрук болгон деп күмөн санайт. Турдиева оппозициянын апрель митинги башталаар алдында да облустагы психоневрологиялык ооруканага күч менен жаткырылган. Бирок облустук бийлик анын качып жүргөндүгүн саясат менен байланыштырбайт. Ал эми шаардык прокуратура менен милиция аны кармоо тууралуу эч кимден буйрук же арыз түшпөгөндүгүн билдиришти.

Апрель митингисинин алдында облустук психоневрологияга жеткирилип, андан качып чыккан Урунса Турдиева ушу тапта ар кайсы жерлерде баш калкалоодо. Анын үйүнөн безип чыгуусуна 17-ноябрда дарыгер психиатр, ал кеткенден кийин ушу күнгө дейре арасында милиционер болгон белгисиз кишилердин издеп жүргөнү себеп болгон. Түрдүү адамдардан “этият болуңуз” деген кептерди уккан Урунса Турдиевага коңшулары ал үйүнөн качып чыккандан кийин бейтааныш адамдар бөлмөсүн тинтип, дайынын сурашкандыгын кабарлашкан.

- Мен жашырып жүрүүгө аргасыз болуп жатам. Болот Камчыбеков деген жигит 17-ноябрь күнү “эже сизди Майлысууга алып кетишибиз керек. Бул сапар колдой албаймын. Буйрук берди сизди жок кылыш керек деген”. Фронттун астында Майлусууга алып кетишпеди беле ошондо алып барган милиция жигитти таанып калдым. Мени психикалык оору деп айтышкан го. Сурадым сырта ким турат десем. Эки милиция менен келдик. Азыр сизди алып кетебиз деди. Сыртка чыгып айткын сен азыр жооп бересиң ушул жерден өлүп алам десем эле догдур коркуп кетип, сыртка чыгып айтайынчы милицияларга деди,- деп айтты Урунса Турдиева.

Ачык айтып ак сүйлөө тилеги кабыл болбой, укугу корголуусунан үмүт үзгөн аял артынан куугунтук түшкөнүн оппозиция лидерлерин кубаттап, бийликти сындап жүргөнү менен байланыштырды.

- Ноябрь митингисинде болгон ишти болгондой сүйлөгөнмүн. Ачык айтканмын. Курманбек Салиевич сиздин колуңуздан келбейт. Ошон үчүн орунду беришиңиз керек. Байболовду, Текебаевди колдоймун, үгүт иштерин жүргүзөм дегенмин. Ошого карата ыплас жолдор менен жок кылып келе жатышат булар. Калыс сүйлөгөндөрдү репрессия кылып жатышат,- дейт Урунса Турдуева.

Облустагы психикалык саламаттыкты сактоо борборунун дарыгери Болот Камчыбеков аны ооруп калды деп уккандыктан Турдиеванын ден-соолугунан кабар алганы барган. Бийликке каяша айткан аялды Кызылжар айлындагы психикалык ооруканага жеткир деп ага эч ким буйрук берген эмес. Учурда саламаттыгы тың Турдиеваны кармоого же аны күчтөп жаткырууга буйрук алган күндө да андай көрсөтмөнү аткарбай турганын билдирди Камчыбеков.

- Оозеки түрүндө буйрук берсе мен айткарбайм. Ал үчүн соттон чечим чыгарыш керек. Эч кандай буйрук болгон эмес,-

Урунса Турдиева соңку аптада жашырынып жүргөн үчүнчү үйдүн ээси Шарипа Салиева аны тартип сакчылары сураштырып жүргөндүгүн маалым кылды.

- Саясий куугунтукта калдым. Күндө эле милициялар граждандык түрдө кийинип келет. Мурун да күчкө салып алып кеткенде коркуп калганмын деп түнкүсүн барар-жерим калбай калды деп бекинип калчу. Күндө эле органдын адамдары эжени сурап кетип жатышат,- дейт Шарипа Салиева.

Бийликтин кемчилигин сындагандарга кысым көрсөтүү адатка айланып калган. ”Ата мекен” партиясынын облустагы жооптуу катчысы Асылбек Текебаевдин пикиринде Турдиеванын жаагын жап кылуу аракети жаз айларында да болуп, ал ооркунага күчтөп жаткырылган.

- Бул эже ноябрь митингисинде Бишкекте, андан кийин азыркы бийликке өзүнүн сын-пикирлерин катуу айтып, кескин сүйлөгөн. Ошондон бери артынан бир нече жолу милиция кызматкерлери келишип, бир топ кысым көрсөтүлгөндүгү жөнүндө жалпы эле шаар билет,- дейт Асылбек Текебаев.

Кылмыш кылбаган соң, Турдиеваны камоо же кармоо тууралуу шаардык прокуратурага же милицияга эч ким кайрылбаган. Ал ооруу катары каттоодо тургандыктан Жалалабат шаарында анын жашаар-жашабасын тактоо жөнүндө оозеки айтылган. Бул тууралуу микрофонго сүйлөп берүүдөн баш тарткан шаар милициясынын башчысы Талант Базарбаев Турдиевага коркпой жашай берүүсүн сунуш кылды.

Губернатордун орунбасары Камила Талиеванын жообуна караганда Турдиевага жасалган куугунтукка бийликтин байланышы жок. Жалалабаттык ар бир тургун өз оюн эркин айтууга акылуу деп эсептейт облус башчысынын орунбасары.

- Куугунтук жеп жатканын саясаттан көрүп жатканы негизсиз. Жалалабат шаарынын тургундары Кыргызстандын ар бир жараны сыяктуу эркин ар кандай жыйындарда, ар кандай саясий компанияларда өзүнүн пикири менен жүрүүгө толук кандуу укугу бар, - дейт Камила Талиева.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG