Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

ОРУСИЯ МАМДУМАНЫ ШАЙЛАП ЖАТАТ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусиянын чыгыш региондорунда Мамлекеттик Думаны шайлоо бүткөнү маалымдалууда. Ошол себептүү Чукотка, Камчатка жана Магадан областарында добуштарды эсептөө иши жүрүп атат. Ал аймактарда добуш берүүчүлөрдүн шайлоого катышуусу 54 пайыздан 76 пайызга дейре жеткен. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Владимир Чуровдун билдирүүсүнө караганда, орусиялыктар бул жолу 2003-жылкы шайлоого караганда активдүү катышып атышат. Шайлоонун жүрүшүндө Түштүк-Сахалинск жана Якутия жумуриятында мыйзам бузуулар - үгүт жүргүзүүлөр болгон. Үгүт жүргүзүү аракети Москвада да жасалып анын айынан эки киши кармалган. Мамдумадагы 450 орунду 11 саясий партия талашып атат. Бул жолу депутаттар биринчи жолу партиялык тизме менен шайланышат. Мамлекеттик Думага шайлануу үчүн алар жалпы чогулган добуштун 7 пайызынан ары өтүүлөрү керек.

Бүгүн Орусияда бул жагы Чукоткадан, тигил жагы Калининград обулусуна дейре эсептегенде 95 миңден ашуун шайлоо бекеттери иштеп атат. Мамлекеттик Думанын бешинчи чакырылышында 450 депутаттык орун үчүн он бир саясий партиядан төрт жарым миң киши ат салышып атышат.

Бул жолку шайлоодо мурдагыларга окшобогон дагы бир өзгөчөлүк чет элдик байкоочулар аз болууда. ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бүйрөсүнүн келүүдөн баш тартышына карабай батыштан Европалык парламенттер кеңешининин жыйыны баш болгон 350 чет элдик байкоочулар катышып атышат. Бирок чалкып жаткан жери бар мамлекет үчүн алардын шаасы жетпей атканын айтышат.

Алардан тышкары жекшемби күнү 141 мамлекетте Мамдума үчүн шайлоого добуш берүү өтөт. Тышкы иштер министрлиги билдиргенге караганда орусиялык атуулдардан чет элдерде жүргөнү бери дегенде 1миллион 700 миң кишиге жетет.

Түшкө жуук алынган маалыматта Мамдумага добуш берүүдө көптөгөн мыйзам бузуулар болуп атканын айташат. «Шайлоо үнү» маалымдоо борборунун жетекчилеринин бири Григорий Мельконьянц айтканга караганда, Маскөө убактысы боюнча 12 чамасына чейин келип түшкөн доолордун эсеби эки миңден арткан. Алардын бири Астрахан обулусунан атайын топтун Воронежке баратканын белгилейт:

«Уюшулган кыйла кишиден турган топ, болжол менен алганда, Воронеж шаарына барып, жолдо жүрөт деген күбөлүктөр менен добуш берип келүү үчүн кетишти».

Владивосток шаарында эки жүздөй барар жери жок көчөдө калгандары да алып келип добуш бердирткенин «Азаттыктын» кабарчысы айтат. Маселен Илья Степанович деген көчөдө калган киши мындайча кеп курган:

«Мындай жашоодон чарчап бүттүм. Үйүм жок, соотто токар болуп иштегемин…».

XS
SM
MD
LG