Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

ТАЛАСТА ГУБЕРНАТОР БАШ БОЛУП БИЙЛИК ӨКҮЛДӨРҮ БҮТҮНДӨЙ “АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫНА ИШТӨӨДӨ


Уланбек Абдырахманов, Талас Таласта “Ата мекен” партиясынын лидерлери бийлик өкүлдөрү шайлоодогу үгүт иштерине тоскоолдук кылып жатканын айтышууда. Губернатор студенттер менен болгон жолугушууда ачыктан ачык эле “Ак жол” партиясына добуш берүүгө чакырып чыкты. Байкоочулар губернатордун “Ак жол” партиясынын пайдасына үгүт жүргүзгөнүн мыйзам бузуу катары баалашууда.

“Ата мекен” партиясынын областтагы лидерлеринин бири Акмат Дооронбеков бийлик өкүлдөрү оппозициялык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүгө ар кандай тоскоолдуктарды жасап жатышканын билдирди. Талас шаарында “Береке” базарынын жанындагы кабаттуу үйлөрдүн боорунда илинип турган “Ата мекен” партиясынын жарнактарын Талас шаардык үй башкармалыгынын жетекчиси алдырып салганын далил катары айтууда.

- Жетекчилер, облустук бийликтин кызматкерлери өз билгендерин кылып, ал тургай үйлөргө илип койгон биздин жарнак материалдарды түндө сыйрып салышкан экен. Үй башкармалыгынын жетекчиси Жанбул Дыйканбаев деген жигит экен, жолдугун берип алып кеткиле деп жатат,- дейт Акмат Дооронбеков

“Ак жол” партиясынын штабында иштеп жаткан Талас шаардык үй башкармалыктын жетекчиси Жанбул Дыйканбаев жарнактарды алдырган себеби “Ата мекен” партиясынын өкүлдөрү атайын келишим түзбөгөндүгү менен түшүндүрдү.

- Биринчиден, көрнөк-жарнактардын баарын кабаттуу үйлөрдүн боорлоруна илдириш үчүн бизден уруксат алыш керек. Анан биз ошол уруксаттын негизинде бул же тигил жерде илинет дейбиз. Булар болсо түндөп келеби кайсы убакта келет, билбейм. Келип алып өз билгендерин жасашат. Үйдүн төбөсүнө чыгып илип коюшкан экен. Ошон үчүн алып койгонбуз,- деди Жанбул Дыйканбаев.

Бийлик өкүлдөрү баарын көзөмөл кылып турууга оңой болсун дегенби, айтор партияларга үгүт ишин жүргүзүүгө, эл менен жолугушууга Талас шаарындагы улуттук коопсуздук башкармалыгынын астынан жер бөлүштүрүп, атайын трибуна орнотуп беришкен. Ал трибунага күндө ар кайсы партиялар келип, элди биримдикке, ынтымакка чакырып жатышат.

Таластын губернатору Байымбет Мураталиев да 30-ноябрь күнү Талас мамлекеттик университетинин жыйындар залында студенттер менен жолугушту. Губернатор бул жолугушууда “Ак Жол” партиясын мактап сүйлөдү:

- Эң жакшы прогресивдүү “Ак жол” партиясы түзүлдү. Мен ойлойм жана ишенем. Сиздер ишенсеңиздер “Ак жол” партиясы экономикабызды көтөрүп, тартипти алып келет,- деди губернатор Байымбет Мураталиев.

Губернатор “Ак жол” партиясын мактап, үгүт ишин жүргүзгөн жокпу деген суроону жолугушууга катышкан “Ак жол” партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бакыт Нуржановго узатканыбызда, ал “губернатор Кыргызстандын президентинин саясатын гана жүргүзүп жатат” деп түшүндүрдү.

Талас облустук медиа ресурстук борборунун юристи Бермет Раимбекова губернатордун студенттер менен жолугушууда сүйлөгөн сөзүн мыйзамсыз үгүт жүргүзүү катары сынга алды:

- Өзү кызмат ордун ээлеп туруп “Ак жолду” мактап өтүптүр. Губернатор үгүт ишин жүргүздү, - дейт эксперт Бермет Раимбекова.

XS
SM
MD
LG