Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:12

Венесуэлада бүгүн жалпы элдик референдум


Референдумга өлкө Конституциясына жалпысынан 60га жакын өзгөртүү киригизүү маселеси коюлган. Эгер Президен Уго Чавес сунуш кылган өзгөртүүлөр жактырылса, мамлекет башчысынын жеке бийлиги күчөйт, президенттин шайлануусу үчүн коюлган мөөнөттүк чектөөлөр жоюлат, жергиликтүү бийлик башчылар шайланбастан, президент тарабынан гана дайындалып калат. Өкмөт Улуттук банкты көзөмөлдөөгө, жеке менчикти конфискациялого укук алат.Президент Чавестин пикиринде, Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр бийликти элге кайтарууга жол ачат, ал эми оппозиция аны бийликти узурпациялап алганы үчүн айыпттоодо. Кечээ Чавес эгер АКШ добуш берүүнү үзүглтүккө учуратууга аракеттенсе, Түндүк Америкага Венесуэланын мунайын жөнөтүү токтотуларын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG